Гезиттин өткөн санында Нарын облусунун ыйгарым өкүлү А.Кайыпов чээнден чыгып эл кыдырып жүргөнүн жаздык эле,басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы анын “чээнге кирбегенин”, “жасаган иштерин эч кимге жар салбай эле бүтүрө бере турганын” айтып жооп жазып жибериптир.
Эмне иш бүтүрүп атты экен десек, гүбүрнатыр Кайыпов күүлөнгөн боюнча Жумгал районуна барып, эки күндүн ичинде райондун Түгөл-Сайынан бери түгөл кыдырып, ири долбоорлор тууралуу кыскача, малды дарылоо тууралуу узун кеп салып, ветклиникаларды көбөйткүлө, жакырчылыкты азайткыла дептир.
Дагы карапайым адамдарга орой мамиле жасагандарды онтотом дептир… Дагы бак-дарактарды куураткандарды кууратам дептир…Болду го. Баарын айтсак, мактанып кетпесин. Биз дагы ың-жыңы билинбей кеткенинен Нарындын суугунда чээнге кирип кеткен го десек…Көрсө иштеп эле жаткан турбайбы.
“Жаңы Агым” – пресс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ