2016-жылдын 8-апрелинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин Кыргыз Республикасына иш сапар менен келет.
Иш сапардын алкагында РФ Мамдума Төрагасы Сергей Нарышкиндин өлкө жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле “Евразиялык экономикалык келечек” аттуу эл аралык форумунда сөз сүйлөөсү пландаштырылган.
Эске салсак, аталган форумдун ишине Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ