Төраганы шайлоо боюнча добуштар саналып бүткөнүнө жарым саатан ашык убакыт болсо дагы анын жыйынтыгы жарыяланбай жатат. Фракция лидерлери көшөгө артына жашынып, бир нерсени чечише албай жаткан сыяктуу.
Ал арада шайлоого 102 депутат катышып, эки талапкер тең 51 добуштан алгыны айтыла баштады. Депутат Дастан Бекешов дагы өзүнүн Твиттердеги баракчасына Исаев менен Төрөбаев тең чыкканын жарыялады. Кыязы фракция лидерлери эки эргулду “бириң жеңилип бер” деп эпке келтире албай убара тартып жатат окшойт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ