15-майда Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында көлөмү болжол менен 1млн. м3 болгон жер көчкүнүн жылуусу байкалып, 13 турак үйгө коопту абал пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаментинин адистери тарабынан изилдөө жүргүзүлүп, райондук Жарандык коргоону комиссиясы тарабынан 13 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлдү.
Буга чейин 1994-жылы мамлекет тарабынан 13 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, алар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин көчүрүлгөндөр кайра кооптуу аймакка көчүп келип алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ