Menu

Сузакта жер көчкү жылуусу байкалды

Бөлүшүү:

15-майда Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында көлөмү болжол менен 1млн. м3 болгон жер көчкүнүн жылуусу байкалып, 13 турак үйгө коопту абал пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаментинин адистери тарабынан изилдөө жүргүзүлүп, райондук Жарандык коргоону комиссиясы тарабынан 13 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлдү.

Буга чейин 1994-жылы мамлекет тарабынан 13 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, алар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин көчүрүлгөндөр кайра кооптуу аймакка көчүп келип алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: