Буга чейин инспекция эмес, өкмөт даабай кел ди эле, бул сапар Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын башчысы Канат Муратбеков катуу кетти. Тагыраагы, жакында аталган инспекция “Кумтөр” компаниясынын тээ 1996-жылдан берки экологиялык техникалык зыяндарын эсептеп чыгып, орто эсеп менен 7 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө доо коюп, компанияны сотко берди. “Мейли алар да мыйзамдык жол менен сотторго, эл аралык сотторго кайрылышсын. Бирок мен өз ишимди жасап жатам, канча убакыттан бери экологиялык мыйзамдар бузулуп, техникалык эрежелерден тыш иштер жүрсө да унчукпай келишкен. Бул жолу биз саясий эрк көргөзүү менен мыйзамдуу алкакта өз милдетибизди аткарабыз”,- дейт Канат Муратбеков. Ошонтип учурда райондор аралык сот бул доо арызды ушул айдын аяк ченинен тарта карай турган болууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ