Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында 30-35 жаштагы европа улутундагы аял Чоң Чүй каналына киринүү максатында түшүп, агып кеткен. Бул туурасында ӨКМден билдиришет.
Маалыматка ылайык, издөө иштерине КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмү тартылган, бирок табылган эмес. Бүгүн, 8-августта издөө иштери дагы деле улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ