“Король Салман” атындагы гуманитардык жана жардам көрсөтүү борбору жер титирөөдөн улам жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына гуманитардык жардам алып келди. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы суммасы 1 млн долларга барабар болгон 100 тоннадан ашуун гуманитардык жүктүн 70 тоннага жакыны кечээ күнү эки самолет менен Ошко жеткирилди. Мында келген жууркандар, жылыткычтар ӨКМдин атайын сактоочу жайына түшүрүлдү. Гуманитардык жүктү Насер бин Мутлак Аль-Субайа баштаган топ алып келди. Аларды өкмөттүн Ош облсундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль Жума баштаган өкүлдөр тосуп алышты.
Учурда келген жардамдын көлөмү аныкталууда. Андан соң атайын түзүлгөн комиссия жер титирөөдө жабыр тарткан жарандарга бөлүштүрүп беришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ