Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкерлери Нарын областындагы Ат-Башы районунда жайгашкан Х – ХV кылымдарга таандык кербен сарай – Таш-Рабат, Манастын легендарлуу жан-жөкөрү Кошойдун кенчи катылган байыркы ордо-шаар Кошой-Коргон, ошондой эле Тайлак Баатырдын эстелигине барып, жаш окумуштуулар кеңири маалымат алышты жана ал жактан кытайлык Кызыл-Суу кыргыздары менен жолугушуу өткөрүштү.
Аталган илимий-практикалык экспедиция Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин жетекчилиги менен уюштурган.
Окумуштуулар экспедициянын алкагында ошондой эле улуттук-боштондук кыймылына арналган эстеликке кайрылып, 100 жыл мурунку кайгылуу окуяда курман болгон ата-бабалардын арбактарына таазим кылышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентти А.Атамбаевдин Жарлыгы менен быйыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу өткөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ