Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-августта Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан Эл ассамблеясынын ишмердиги тууралуу маалыматты укту. Ассамблея мезгилдин талаптарына, жаңы иш милдеттерине жана ролуна жараша этнос аралык мамилелерди башкаруунун заманбап демократиялык системасында өз ордун таап жатат.
Токон Мамытов бардык этно-маданий борборлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо иштерин өркүндөтүү, Кыргызстанда жашаган этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, андан тышкары Эл биримдигинин жана этнос аралык мамилелердин концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди.
Атамбаев тил жана маданий көп түрдүүлүк принциптерине негизделген заманбап демократиялык коом курууда Кыргызстан Эл ассамблеясынын өзгөчө маанисин белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ