Бириккен Араб Эмирлиги дүйнөлүк бааны төмөндөтпөй кармап туруу үчүн мунай өндүрүү деңгээлин тоңдурууга макул болду. Reuters агенттиги маалымдагандай, Иран өндүрүү деңгээлин жогорулатпаган шартта Сауд Арабиясы да мунай өндүрүшүн азайтууга даяр.
Эл аралык энергетикалык форумдун алкагында Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) Алжирде өтчү жыйынынын алдында мунайга болгон баа бир аз жогорулады. Brent маркасындагы мунайдын баррели 60 центке кымбаттап, 46,5 долларга жетти.
Базарда көп болуп кеткендигине байланыштуу 2014-жылга салыштырмалуу мунайга болгон баалар эки эсеге төмөндөгөн. Бул ОПЕК өлкөлөрү менен ал уюмга мүчө болбогон Орусияны тез аранын ичинде мунай экспорттоодон түшчү кирешелерди көбөйтүү үчүн чараларды көрүүгө аргасыз кылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ