Алдыда күтүлүп жаткан жергиликтүү жана шаардык кеңештерге карай шайлоо жарышына кызуу камылгалар башталды. Кочкор райондук кошмо жыйынынын төрагасы Таалай Курткаев буга дейре район жана андагы тургундар үчүн өздүк каражатынан миллиондорду чачып, карапайым калктын түйшүгүн кошо тартышканынан кабардарбыз. Депутат катары да белсемдүү иштеп, көпчүлүккө үмүт жараткан. Кылган жакшылыгын эч кимге колко кылбай, Кудай үчүн жасаган кайрымдуулук иштери үчүн Курткаевди кара кочкорлуктар алкап келишет. Мына ушундай азамат бул сапар райондук кеңешке ат салышпай, “откез” берип жатканын уккан жергиликтүү жүздөгөн эл өздүк кабарчыларыбыздын бирине гезит аркылуу Курткаевдин өзүнө кулак кагыш кылып, “дубай саламын” жеткирип коюшубузду өтүнгөнүн жарыялап турабыз.
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ