Menu

Министр Чыңгыз Айдарбеков Ирландиянын Вице-премьер министри, тышкы иштер жана соода министри Саймон Ковени менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

 Бүгүн, 8-июнда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Ирландиянын Вице-премьер министри, тышкы иштер жана соода министри Саймон Ковени менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын мындан ары жайылышын болтурбоодо тажрыйба алмашуу үчүн биргелешкен аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлер ошондой эле Ирландиянын “жашыл экономика” жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү тажрыйбасын эске алуу менен эки тараптуу мамилелерди активдештирүү, келишимдик-укуктук базаларды кеңейтүү, БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташтык багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Министрлер жакынкы аралыкта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтердин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: