Menu

Үзүлгөн мамиле уланабы?

Бөлүшүү:

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстан менен мамилесин оңдоого кадам таштады. Ташкенттин атайын чакыруусу менен биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, маданий ишмерлер жана улуттук борборлордун башчылары болуп, Кыргызстандан жалпы 130 адам барды. Натыйжада эки тарап өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча меморандум кабыл алышты. Ага Кыргызстан тараптан Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Жалал-Абал облусунун жетекчи орун басары Мамасалы Акматов жана Өзбекстан тараптан Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов, Наманган облусунун акими Хайрулло Бозаров, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевдер кол коюшту. Маалым болгондой, эки өлкөнүн так ушул облустары бири-бири менен чектешет.

Бул меморандум экономикалык, маданий жактан өз ара достук мамилени жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеним ойгонду. Бирок тараптар ары-бери өтүү жеңилдеп, кенен-кесири каттоо үчүн чек ара кайсы күнү толук ачылаарын ырасташкан жок. Бирок соңку макулдашуунун негизинде ал маселелер жакын арада белгилүү болоору айтылды.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: