Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эсеп-кысап бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер тарабынан окууга төлөнгөн каражаттарды өздөрүнө которуп келгени боюнча кылмыш иши козголду. Маалым болгондой, университеттен которулчу ири суммадагы каражат мамлекеттик казынага түшпөй калган. Териштирүүнүн жыйынтыгында 4,5 миллион сом калыбына келтирилди. Бул иш боюнча прокуратура “ишенип тапшырылган мүлктү менчиктештирип алуу” жана “документтерди бурмалоо” фактыларына таянып, КУУнун эсеп-кысап бөлүмүндөгү айрым кызматкерлерине айып такты. Учурда кылмыш иши райондук соттун кароосуна жөнөтүлдү. Сыягы ректор Чынара Адамкулова университетти такыр талкалап бүтүргөнү калган окшойт. Деги чара көргөн жан табылабы?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ