Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Грузияга барды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, өлкө башчысы сапарынын жүрүшүндө Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугат.
Анда эки тараптуу алаканы жакшыртуу, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Сапардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Андан соң эки өлкөнүн президенттери биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ