Мамлекеттик коргоо комитеттин төрагасы, аты-жыты, ың-жыңы белгисиз генерал-майор Марат Кенжисариевдин айдоочусу уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү өкүлдөрүнө АК-74 маркасындагы үч даана автоматты сатып жатканда кылтакка илинген. Генералды ташыган бул эргулдун үйүн тинтүү учурунда да мыйзамсыз курал-жарактар чыкканын кандай түшүнөбүз? Буга удаа жол, транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровдун жолтандабасын коомдук кеңештин мүчөсү Айнура Абдраева айым сүрөткө тартып алгандыгы үчүн анын айдоочусунан келтек жеди. Министр өзү өлкөбүздөгү ири жолдорду курган компаниянын машинесин минип, жемкорлукка шектүүлүктү жаратса, айдоочусу мыйзамсыздыкка каршы күрөшүп, машинени тартууга аракет кылган байкоочу кеңештин мүчөсүнө кол көтөрсө, коргоо министринин айдоочусу тигинтип автомат сатып жатса, деги кандай өлкөдө жашап жатабыз? Атамбаевдин эски айдоочусу эл башкарса, береги эки министрдин айдоочулары тигинтип былгытып жатса, эмнебиз калат? Шопурлар башка чыккан заман болдубу? Кенжисариев менен Айдаровду президент тез арада өкмөт курамынан кууп чыгып, “сокур ичеги” сымал кесип, шектүү иштерин объективдүү тергөөгө алса, экөө түз эле түрмөгө түшүп калбайбы? Мындай министрлердин барынан жогу жакшы эмеспи?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ