Menu

Өзбекстан жогорку окуу жайларына тапшыруунун жаңы тартибин бекитти

Бөлүшүү:

Быйыл Өзбекстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алууда жаңы эрежелер киригизилет. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн тесттер июль-август айларында өтөт. Жыйынтыктар сынактын эртеси эле жарыяланат.

Мындан тышкары өзбекстандык абитуриенттер бир эле учурда дароо үч жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору же Интерактивдүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү бирдиктүү портал аркылуу кабыл алынат.

Жогорку окуу жайларына экинчи жолу же мектепти бүткөндөн кийинки жылдары тапшыргандар минималдык айлык акынын жарымын – дээрлик 12 доллар төлөшөт.

Жаңы токтомго ылайык, 2020-жылы өзбекстандык абитуриенттер мурдагыдай үч эмес беш сабактан тест тапшырышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: