Menu

Акун айткан “бомбасын” эми жармай болду

Бөлүшүү:

Азиз Батукаевдин “салтанаттуу” түрдө түрмөдөн эркиндикке узап кетиши, билген кишиге “саясий боектордун” бар экени, ал турсун олчойгон акчалардын “ойногону” ошол кезде эле айтылып, ал кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы 100 миң долларды бөктөрүнгөнү коомдо катуу талкууну жараткан. Акчасын айтпаса да, ага карата коюлган доктурлардын диагнозун колдоп чыкканы жалган деле эмес. Азыр соц. тармакта Тукебиздин 100 миңди алганы, анысы фальшивый акча болуп калганы боюнча каңшаар тарап да кетти. Батукаевге карата диагноз чыгарган доктур абакка алынып, анын артынан дагы экөөсү сурак берип, бир катар кызматтагы адамдарга анан калса ал кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акунга да ар кандай аркандар ыргытылып жатат. Турсунбек Акун кримтөбөл Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн билдирип да маек берди. “Ошол доктурлар койгон диагнозго ишенбей, кайра аны текшерип чыгууну талап кылсам болмок экен. Мыйзамдагы уурунун отура турган дагы сегиз жылы бар, муну дароо чыгарып жиберүүгө болбойт дешим керек эле. Азыр убагында анын укугун коргоп чыкканыма өкүнөмүн”, – деген Акун. Мунусун кандай түшүнсө болот? Кылмышты моюнга алып атканы, баары ката болду, иттик бизден кетти дегениби? Муну укук коргоо кызматы кандай кабыл алды?

Кечээ, айрым адамдар Акунга жаңы эле жолугуп чыкканын, ал баягы жара турган “бомбаларын” эми жарганы жатканын соц. тармактарга жазып чыгышты. Буга чейин бул желеде Акун менен Зарылбек Рысалиевди да жоопко тартуу керек деген пикирлерин байма-бай жазган активистер көп болгон эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: