«Өнүгүү-Прогресстин» депутаттарынын бирдиктүү позициясы кубандырат. Жогорку Кеңештеги фракциялардын ичинен мандат талаш, ич ара талаш-тартыш, лидердин тилин албаган ээн баштык, 6-чакырылыштагы парламент ишин баштагандан бери өкүм сүрүп келет. Ынтымак, бирдиктүү позиция деген жокко эсе. Булардын ичинен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы обочолонуп турат. Бир да чыр-чатак же мандат талаш болгонун уга элекпиз. Кечээ да Конституцияны өзгөртүү боюнча Референдумду 11-декабрга дайындоо боюнча добуш берүүдө фракция депутаттары бирдиктүү позициясын көрсөтүшүп, жыйында отургандары каршы добуш беришти. Эскерте кетсек, фракция жаңы Конституциянын айрым беренелери менен макул эмес. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев бул чечимди шашпастан кабыл алып, жети өлчөп бир кесүү керектигин, кийин тарых алдында жооп берип калышы ыктымалдыгын айтып келет. Туура да. Шашкан шайтандын иши. Баарын шашпастан, кылдат анализдеп чечим кабыл алуу зарыл.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ