Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Эркин-Тоо” басмаканасын мыйзамсыз менчиктештирип алуу фактысы боюнча мурун ачылган кылмыш ишин кайра жандандырганын журналисттерге билдирди.
Каныбек Иманалиев 1994-1999-жылдары президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болуп иштеп, 1999-жылы мамлекеттик “Учкун” басмасынынын Директорлор кеңешинин төрагасы, кийин Гендиректору болуп дайындалат.
2001-жылы сентябрда Мамлекеттик мүлк комитети Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Эркин-Тоо” басмаканасын жеке менчикке сатуу жарыясын “Учкун” басмаканасында басылуучу “Эркин-Тоо” гезитине берет. Каныбек Иманалиев “Учкун” басмаканасынын директору болуп туруп ал жарыяны “Эркин-Тоо” гезитинин бир гана экземплярына бастырып, калган миңдеген экземплярларына бастырбайт. Андан сырткары өзүнүн жеке менчик “РИФ” гезитинин 1 эле экземплярына да ал жарыяны бастырып, 2 экземпляр гезитти Мамлекеттик мүлк комитетине берет. Ошол эле айда “Эркин-Тоо” басмаканасынын 40% 1 миллион 200 миң сомго сатылат. Бул 2001-жылдын сентябры эле. Ал эми Жогорку Кеңеш “Эркин-Тоону” жеке менчикке сатууга уруксатты 2002-жылдын 31-январында гана берген.
2002-жылы августта “Эркин-Тоо” басмаканасынын дагы 40,6% 2 миллион 100 миң сомго жеке менчикке сатылат.
Азыр бул ишкананын кожоюндарынын катарында депутат Каныбек Иманалиевдин аялы Шаткүл Кулматова да бар.
Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Эркин-Тоо” басмаканасынын имаратында 1941-жылы атактуу Панфилов дивизиясы түзүлүп, штабы жайгашкан. 2015-жылга чейин ал Тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесиндеги имарат катары мамлекеттин кайтаруусунда туруп, аны бузуп ордуна элиттик, коммерциялык үйлөрдү салууга уруксат берилбей келген.
2015-жылы сентябрда премьер-министр Темир Сариев ал имаратты Тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарып, элиттүү, коммерциялык үйлөрдү салууга жол ачып берген.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ