КСДПнын жаш депутаты Мээрбек Мискенбаев өз арызы менен мандатынан баш тартып, ордун бошотуп кеткени коомчулукта анын ордуна келчү депутат кызуу талкууга алынып жаткан. Саясий серепчилерден тартып, билгени билбегени деле ал орунга КСДПнын мүчөсү, президенттин кеңешчиси кызматынан кеткен Икрамжан Илмияновдун келээрин айтышкан болчу. Бирок андай болгон жок. Кечээ БШКнын жыйынында КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси боюнча кезеги келген Нурмухаммад Баяхуновго мандат тапшырылды.
Бул жигиттин төркүнүнө келсек, өзү Кыргызстандагы азчылыктын – уйгур улутунун өкүлү. Колунан май тамган ишкер, бир нече тамак-аш, мейманкана тармагын жетектеп уйгур коомунда кадыры бар жигиттердин бири экен…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ