Казакстанда маалымат жана коммуникация маселелери боюнча айрым мыйзам актларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору жарыяланды.
Документке ылайык, журналисттер маалыматтардын чын экенин текшерүүгө жана жеке маалыматтар жарыялана турган адамдан же анын расмий өкүлүнөн уруксат алууга милдеттендирилет. Эгер өздүк маалыматтар мурда жаңылыктарда жана расмий түрдө жарыяланган болсо, анда аларды колдонууга чектөө киргизилбейт.
Мыйзам долбоору төрт кодекс жана 12 мыйзамдын, алардын ичинде, “Байланыш жөнүндө”, “Маалымдуулук жөнүндө”, “Почта жөнүндө”, “Телерадиокөрсөтүү жөнүндө” мыйзамдардын өзгөрүшүн шарттайт. Анын концепциясы сентябрда өкмөттүн электрондук сайтында жарыяланган.
Маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев Фейсбук баракчасында 2-ноябрда мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун жыйыны өтөрүн жазды. Анын курамына айрым журналисттер, коомдук ишмерлер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ