Буга дейре биздин гезит Кыргызстандын АКШдагы элчиси, президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун ичимдиктин күүсүнө алагүү болуп, социалдык түйүндөргө «шамтырай» түшкөн сүрөттөрү менен «селсаяк образындагы» макала жарыя кылган элек. Материал жарык көргөн соң, борбордук бийлик жаш балакайга ачууланып, ушул күндөрү элчинин кызматтык тагдырын карап көрүүгө белсенгенин эшиттик. АКШ менен мамиле мурдагыдай болбой жаткан шартта ичимдиктин күүсүнө элирген элчини кутуртпай, дасыккан дипломаттарды океандын ары жагына жөнөтсө болбойт беле? Сапар Исаков бул маселени жүр-нарыга салбастан тез арада киришип, эси жок эрке талтаң элчинин кызматтык тагдырын эртерээк чечпесе болбойт го…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ