Парламентте коалиция түзүүнүн жар-жары «символикалуу» түрдө уланганы менен көшөгө артынан креслолор бөлүштүрүлүп, тизме такталганы, өкмөт курамы дээрлик жарымынан көбү өзгөрүлөөрү күтүлүүдө. Эмесе Акүйдөгү соңку күбүр-шыбырларга таянып, министрлер кабинетине секирик жасачуларды бирден тизмектеп берели. 1-вице-премьер-министрликке ажо Атамбаевдин «оң колу» Сапар Исаков тапталып жатса, укасына орун бошотчу Мухамедкалый Абулгазиев каржы министрлигине коноору маалым болду. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева билим берүү министрлигине, «Кыргызстан» фракциясынан парламент депутаты Таалайгүл Исакунова (Шаршенбек Абдыкеримовдун бир тууган кайнежеси) социалдык жактан өнүктүрүү министрлигине барары каңкууланууда. Кызматынан кол жуучу министрлердин катарында Минюст Жылдыз Мамбеталиева, айдоочусу курал саткан коргоо министри Марат Кенжисариев, айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев баштаган жетекчилер түйүнчөктөрүн түйүп жатышканын эшиттик. Мындайлардын бирин эмес, онун алмаштырган күндө деле буларың «эшектин тушоосун» чечпеген соң, эмне өзгөрүлөт дейсиң?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ