Menu

Сазыкбай Турдумалиев: Чамындылар. Уят…

Бөлүшүү:

«Айтсаң – тилиң күйөт, айтпасаң – дилиң күйөт» деген экен кайран кыргыз бабам! Сыягы, бул кеп Алмазбек Атамбаевге окшоп, өз сөзүнө өзү ээ боло албай, эргип кеткендер тууралуу айтылса керек. Өткөндө КРнын коопсуздук кеңешинде сүйлөп жаткан мамлекет башчысы түптүз баратып эле, эч ким чалбаса деле өзүнөн өзү мүдүрүлүп алды. Мүдүрүлгөнү ушул, президент А.Атамбаев 2010-жылы өткөн президенттикке шайлоодо 83 киши президенттикке талапкерлигин билдирип арыз жазып койгону үчүн аябай уялат экен. Ооба, ушул бүгүн да эсимде, ал шайлоодо Президенттикке талапкер болуу үчүн 83 киши арыз жазганы ырас. Бирок тактап кетчү нерсе, анын арасынан 4-5өө гана Алмазбек Атамбаев менен атаандаш болуп, андан да тагыраагы атаандаш болумуш этишип шайлоого катышкан. Мунун эмнеси уят, мен ушуга түшүнбөйм? Президенттикке талапкер болуп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып койгонубуз уятпы? Эгер, А.Атамбаев өзү да ошол президенттикке талапкерликке арызын жазгандардын бири болгонун эске алсак, анда ал эң биринчи өзүнөн өзү уялыш керек экенин унутуп калганы саал туура эмес иш болуп калыптыр. Болуптур, ага деле мейли дейли. Менин Алмазбек мырзанын сөзүнө териге түшкөнүм, андан да тагыраагы чычалай түшкөнүм, 2010-жылы президент болом деп арыз жазгандардын арасында мен да бар болчум. Демек, Алмазбек Атамбаев мен үчүн да уялат тура. Мени кыжалат кылып кыйнаган нерсе ушул. Анда мен КР Президентине урматтуу Алмазбек Шаршенович эмне үчүн уялып, эмне үчүн уялбаш керектиги туурасында өз позициямды так кесе айта кетейин.

Ооба, Кыргызстанга бир эле президент керек. Ушул жагынан алганда, А.Атамбаев айтмакчы, президенттикке талапкер болгон 83 кишинин бул жоругу уятыраак көрүнөт. Бирок бул факт А.Атамбаев үчүн эле уят болбосо, мында уят эч нерсе жок. Эгер бул фактыны уятка чыгарсак, анда 24 жылдан бери жандалбастап жете албай келаткан демократия түккө да арзыбаган бир нерсе болуп калат. Бул – бир. Экинчиден, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген 83түн ар биринин көкүрөгү: «Кыргызстан, Мекен» – деп азыраак болсо да дүпүлдөп согуп турганынан мен эч шек санабайм. Үчүнчүдөн, Конституцияны- алалыбы, «Шайлоо жөнүндө» кодекстиби мынча киши гана арыз жазыш керек деген сандык чектөө жок. Орусча айтканда, нет количественного ограничения для кандидатов на пост Президента. Төртүнчүдөн, президенттик кызмат А.Атамбаевге А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаевадан калган мурас эмес. 18 жаштан жогору Кыргызстандын бардык жарандары президенттикке шайланууга жана шайлоого конституңиялык укугу бар. Бешинчиден, кыргызда «Ат жүгүрбөй, тап жүгүрөт, тап жүгүрбөй, бак жүгүрөт» деген укмуш кеп бар. Эгер, ушул чен-өлчөмдөн алсак, ал президенттик шайлоого А.Атамбаевден да татыктуу адамдар катышты. Болгону, Алмазбек мырзанын багы жүгүрдү. Мен арыз жазгандардын баары эле акмактар дебейм. Көп болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн бир аз жумуш көбүрөөк болгондур, башы ооругандыр, башка эч нерсе болгон жок. Тоо кулап кеткен жок, суу токтоп калган жок. Бир сөз менен айтканда, мен президенттикке талапкерликке арыз жазган 83 киши үчүн уяла турган эч нерсени көрбөй турам. А Алмазбек Шаршенович каалайбы же жокпу, Кыргызстанда андан башка деле уяла турган нерселер бар! Маселенин баары ушерде! Мен чындап уяла турган иштерди санап берейин. Алмазбек Шаршенович окуп, туура жыйынтык чыгараар деп ойлойм.

1. «Кыргызгаз» мамлекеттик ишканасын 1 АКШ долларына Россиянын жалаң жөөттөр башкарган «Газпром» компаниясына сатып жиберген бул – уят. Эмне үчүн? Биринчиден, «Кыргызгаз» мамлекеттик ишкана эле. Экинчиден, Кыргызстан менен Өзбекстан жана Казакстандын ортосунда ортомчулук кылган бул ишкана өкмөттөр аралык келишимди аткарчу жана келишимге ылайык кошуна өлкөлөрдөн арзан баада келген газды керектөөчүлөргө эки эсе үстөк баа кошуп сатчу. Демек, бир сөз менен айтканда, «Кыргызгаз» бюджет түзүүчү мамлекеттик ишкана болчу. Албетте, мына ошондой киреше булагы болуучу ишкананын банкроттук абалга жеткени жана Россияга 1 АКШ долларга сатылганы уят эмей эмне? А.Атамбаев өзү баш болуп: «Кыргызстанга «Кыргызгаз» эмес, газ керек, эми үзгүлтүксүз жана арзан газ болот» – деди эле. Газга баа арзандаган жок, жөөттөр арзандатышпайт дагы, өлкөнүн түштүгү газы жок отурат. Себеби газдын өмүрү жалаң жөөт менен арабдар контролдошкон долларга байланган. А доллар кымбаттап жатат, анан газ кайдан арзандамак эле? Бул азыркы бийликтин экономикалык эң эле жөнөкөй нерселерди билбестигин көрсөтөт, мына ушуну уят дейт!

2. Алтын өндүрүү тармагы дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири болуп эсептелет. Өлкө байлыгы жана экономикалык кепилдиги алтын-валюталык кору (орусча золотовалютный запас (резерв») деп коёт) менен бааланат. Кыргызстанда дагы бир кирешелүү тармак, дагы бир мамлекеттиң ишкана «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни банкроттук абалга жетти. Мына ушуну уят дейт!

3. Дүйнөдө арак, алтын өндүрүүдөн кийин эле эң кирешелүү тармак суу энергетикасы. Себеби суу энергетикасы ар качан арзан. Дээрлик салыштырмалуу бекер десек да болот. Кыргызстанда болсо, Токтогул суу сактагычындагы сууну кризистик деңгээлге чейин сатып жиберип, эми суу сактагычтагы суунун агымы ГЭСтин барасын айланта албай калуу коркунучу жаралды. Токтогул суу сактагычына жана ГЭСине окшогон суу энергетикалык объект туруп, өлкөнү энергетикалык кризиске апкелүү бул уят! Бүгүн мамлекет Казакстан менен Түркмөнтандан электр энергиясын сатып алганы бар аракетин көрүп жатат. Электр энергиясынын баасын кымбаттатууга жандалбастап жатканы ошондон. Бул – уят! А.Атамбаевдин бийлиги өлкөнү жар учуна апкелген энергетикалык кризистин жанында 83 кишинин президенттикке талапкерлигин коюп, арыз жазганы уят деле эмес! Кыргызстандагы экономикалык кризистер, анын ичинде энергетикалык кризис президенттикке талапкерлердин кесепетинен эмес, президенттердин кесепетинен болуп жатканын эч качан эстен чыгарбашыбыз керек.

4. 1 саат, 1 күн, же 1 ай айыл өкмөтүнүн орун басары да болуп иштебеген кишилер КР Президенти тарабынан министр, вице-премьер-министр, премьер-министр болуп дайындалып, өз аткара турган кызматын эми гана түшүнүп келатканда жумуштан бошоп, көчөдө калууда! Уят деп ушуну айтат! Президент өмүрүндө айылдык клубду жарым саат, жарым күн башкарбаган кишини маданият министри дайындап жатат. Мына ушуну уят десе болот! Мен билген уят ушул!

5. Энергетика тармагы кризиске белчесинен батып турса, ал орунга мурда соттолгон адамды мурдун балта кеспей туруп, министр дайындап койгонду уят деп айтат!

6. Кыргызстан эгемендүүлүгүнө ээ болгон 23 жылда, же 8399 күндө 27 кишинин Кыргызстандын Өкмөтүн башкарганын уят деп айтса болот! 8399ду 27ге бөлөлү. 27 Өкмөт башчысынын ар бири орто эсеп менен 311 күндөн иштептир. Бул эмнени билдирет? Бул бийликтин коррупцияланып калганын, премьер-министрлик кызмат соода-сатыктын, кадыр колконун, элди алаксытуунун, күнөөнү Өкмөт башчысына жаба салып кутулуп кетүүнүн объектисине айланганын билдирет. Бир жылда 365 күн – 100%. 311 – Х%. 365 – 52 жума. 52 жуманы 2ге көбөйтөлү. Демек, 1 жылда 104 дем алыш күн бар. 365тен 104тү алсак, 1 жылда 251 таза жумушчу күн бар. Эми 311ди бөлөлү 27ге – 44. 44тү 2ге көбөйтөлү, 88 дем алыш күн. 311ден 88ди алсак, ошондо бир премьер-министр 223 күн иштеген болот. Муну 8 саатка көбөйтөлү. Орточо эсеп менен алганда, бир премьер-министр 1784 саат иштеген. Мына ушуну уят деп айтат!

7. 2014-жылдын октябрь айында Талас областынын 70 жылдыгы белгиленди. Мээси ордунда кишиге мына ушуну айтат уят деп. Себеби Талас областы 1944-жылы уюшулгандан бери үч жолу жоюлуп, үч жолу кайра түзүлдү. Эгер эми да административдик-территориалдык реформа болсо, жоюлуп кетиши 100% мүмкүн. Мени кыжалат кылганы бул. Област административдик-территориалдык бирдик. Бир сөз менен айтканда, бүгүн бар да, эртең жок. Эгер мамлекеттин түптөлгөнүнүн 2000 жылдыгын, өлкөнүн эгемендигинин 25 жылдыгын, шаардын 3000 жылдыгын белгилесе да, аны салыштырмалуу түшүнсө болот. Шаар талкаланып, жок болуп кетпесе эле орду, мезгили, түптөлгөн жылы бар объект. Область чарбалык субъект. Областты жоюп жиберсе болот, шаар аталышы гана өзгөрбөсө кала берет. Дүйнөдө областтар түгүл мамлекеттер жоголуп кетип жатат.

Сыягы, айрым адамдар юбилейин өткөрүп жатса, областтын да юбилейин белгилеш керек деп чолок ойлошот окшойт. (Ошол чолок ойлуулар деле бир нерсеге мээси жетсе) Эгер, адамдар юбилейин белгилесе, аны негизинен өз каражатына өткөрөт, элдин башын кошот, элдин батасын алат, балдарына бата алперет. Алыстап бараткан туугандар жакындайт.

Талас областы 1944-жылы түзүлгөнүнө талаш жок болгону менен, азыр аны негиздеген СССР өзү жок. Талкаланып жок болду. Демек, областтын 70 жылдыгын белгилөө уятыраак эмей эле уят! Эгер областтын 70 жылдыгын белгилесек, анда колхоз-совхоздордун да 70, 50 жылдыктарын белгилеш керек. Албетте, мунун баары түккө турбаган нерсе. Бул дөдөйлүк. А дөдөйлүккө жол берүү, көрүп туруп көрмөксөн болуу бул – уят. Мейли, ошончо эле белгилеш керек болсо, анда Талас областынын 70 жылдыгынан жоюлуп кеткен жылдарын алып салып, анан белгилеш керек эле. Област жоюлуп кеткен жылдарда эмне мавзолейде жатканбы?

8. КР Коргонуу кеңешинин кеңешмеси өтүп, анда дин маселеси каралды эле, А.Атамбаев агынан жарылып: «Радикалдуу исламдаштыруу, белгилүү болгондой, чыныгы исламга эч тиешеси жок. Радикалдар жалпы мусулман дүйнөсүнө чоң тобокелчиликти алып келет. Бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлордон улам кыргыздарга өзгөчө коркунуч туудуруп, кайра жаралууну баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кайталангыстыгына коркунуч келтирет.

… Динге гана багыт алып, руханий дөөлөттөрүбүздү четинен жогото берсек, бара-бара эл болуудан калабыз. Аны элес албай кийген кийимибизден баштап улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, руханий дөөлөттөрүбүздү четинен сүрүп жоготчуларга моюн сунуп ооп кетсек, бара-бара эл болуудан калабыз. Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, капыр дейбизби?!. Деги эле «мусулман кийими», «мусулман эместин кийими» дегендей» чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат.

… Адам сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Тескерисинче, биз көрүп жатабыз, бул сакалчандар, дамбалчандар Жараткандын атын жамынып: «Аллах Акбар» — деп кыйкырып, жер көтөргүс кандай күнөөлөрдү жасап жаткандарын.

… Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес. Бул багытка алдырсак, калк арасында диний фанатизмдин орношу оңой. Ошону менен бирге ашкере исламдашуу дегендин төркүнүндө кыргыздарды улуттук өзгөчөлүктөрүн унуткарып, маңкуртташтыруу максаты турганын көңүлдөн чыгарбайлы.

… Дагы бир акылга сыйбаган нерсе, кээ бир молдолор тарабынан Манас атабызды Жаратканга каршы коюп жатканы. Кичинеден баштап, щи акырындан маңкурт кылгысы келген молдолор бар. Бул сөзүмдү лаярдаганга жардам берген аксакалыбыз Бексултан Жакиевдин бир мисалын келтирейин. Радиодогу берүүлөрдүн биринде «халал» жөнүндө сөз болуптур. Берүүнүн алпаруучусу «халал — кыргызча адал, харам — кыргызча арам», ошондуктан «адал» эле дебейбизби деп сунуш айтса, маекке катышкан молдо оозу-мурду кыйшайбай туруп, «курандын тилинде сүйлөөгө милдеттүүбүз» — деп жооп бериптир! Антип айтканын араб тилине өтөлү деп түшүнүшүбүз керек да?! Биз мындайды Совет доорунда өткөнбүз. Совет кезинде бир топ жазуучулар, аткаминерлер Ата Мекен десе болбойт, Лениндин тилинде Родина деп айтышыбыз керек деп сүйлөгөндөрү эсимде! Тилин жоготкон эл — эл эмес!» — деди президент. Дин жаатында коркунучтуу жакка баратканыбызды, диний фанатизм, традициялык ислам тууралуу ойлорун билдирди. Президент мунун баарын 80дин кырына келип калган жазуучу Б.Жакиев айта электе эле айтып, дин коркунучуна каршы жумушту ишке киришкен күнү башташ керек эле. Мамлекет башчылык мөөнөтү ортолоп калган маалда араң гана ушул маселени көтөрүштүн өзү уят! Бул – бир. Экинчиден, эгер А.Атамбаевдин дин боюнча түшүнүгү кенен экен, анда эмнеге буга чейин аянтка барып, айт намазга жыгылып жүрдү. Ал айт намазга жыгылчу да, Кыргызстандагы мусалмандар сапсайган сакалдары менен жер чапкылап: «Президент өзү баш болуп айт намазга келип жыгылып жатат, Борбордук аянтка жыл санап эл батпай баратат, мына исламдын күчү» дешип кыйкырып келишпедиби.

А.Атамбаев түрк элинин кеменгер уулу Ататүрк мындан 90 жыл мурда түрк улутун, түрк тилин сактап калыш үчүн Куран түрк тилинде окулсун, азан түрк тилинде чакырылсын деп жарлык чыгарууга мажбур болгондугун, Ататүрк тил реформасын жүргүзүп, түрк тилин бир топ тазалаганын, ал түрк элине таандык эмес баш кийимге да, фескага тыюу салгандыгын да билет экен.

Мамлекет башчысынын айткандарында эч калет жок. Туура айтат. Ататүрк кеменгер адам болгон үчүн исламды көп жактыра берген эмес. Өзү арак да ичкен. А А.Атамбаев болсо, көсөөнүн акылы түштөн кийин болуп, эми кыйкырып жатат. Ататүрк 90 жыл мурда айткан нерсени мамлекет башчылык мөөнөтү жарымдап калганда эстеп отурат. Муну да Алмазбек Шаршеновичке сөзү өтө турган Орозбек Молдалиев, Бексултан Жакиевдер: «Сапсайган сакалдуулар көбөйүп кетти, Кыргызстандын түбүнө ушулар жетет, булардын ишмердигин эмитен кан буугандай токтотпосо, Сирия менен Ливиядагы кан төгүү бизде да кайталанат» – деп айткандан кийин гана эстеп отурганынын өзү уят. Чыныгы уят деген ушу!

А.Атамбаев айтпаса да, Кыргызстан коркунучтуу абалда турат. Президенттердин дин жаатындагы чала сабаттыгынан улам, Түштүктө гана эмес, түндүктө миңдеген адамдар ислам дининин фанаты болуп калды. Жалпак тил менен айтканда, жүздөгөндөр ислам дининин желдеттерине айланды. Арабызда ислам дини үчүн атасын курмандыкка чалып ийүүдөн кайра тартышпай’тургандар четтен чыгат. Бул ислам дининин жамандыгынан эмес, адамдардын диндик сабатсыздыгынан, мамлекеттин диний ишмердикти жөнгө салбай, өз алдынча коё бергендигинен улам болуп жатат. Дин бул апийим, дин бул адамдын акылынан айнытып коё турган күч, азгырык. Маселе мына ушунда. Турмушта алар жөнөкөй эле адамдар, анан динге келгенде эле, дин тууралуу сөз болгондо эле, бирөөлөр окутуп салгансып көзү кызарып, кан иче тургандай абалга келишет. Исламдын фанатиктери дээрлик маңкурт абалына жетишет да, оорукчал болуп калышат. Мына уят кайда? Уят деп ушуну айтат!

Мамлекет башчысынын борбордук аянтка келип, айт намазга жыгылганын мен уят деп билем. Ал эл башы болуп туруп, Баш мыйзамды бузуп жатат. А.Атамбаев КР Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат Концепциясында азыркы Кыргызстандын шартында алгачкы ирет «светскоё государство» деген түшүнүк ачылып берилгенин, анда Конституцияга таянып, мамлекеттин ишине дин аралашпайт, дин мамлекеттик башкарууга кийлигишпейт дегенди билдирээри так айтылат деп белгиледи. Ооба, Конституцияда дин менен мамлекет кайнаса каны кошулбайт деп ак-карасынан жазылып турат. Демек, мамлекеттин биринчи адамы эл алдына чыгып, айт намазда намазга жыгылып, кайсы бир динге артыкчылык берерин көрсөткөнү уят эмеспи? Албетте, уят. Эгер намазга жыгылгысы келеби, мамлекеттик резиденцияга барып алып, эл көзүнөн далдаа жерде каалашынча жыгыла берсин. Ким аны кой демек эле. Мен Н.Назарбаев менен И.Каримовдун намазга жыгылганын дегеле көрө элекмин. Эмне А.Атамбаев эле ислам динин түшүнүп, берки экөө ислам динин түшүнбөйбү, же Кыргызстан ислам мамлекетиби? Россия Федерациясынын бир субъекти болгон Дагестандын президенти Рамазан Абдулатипов намазга жыгылса да, мен түшүнөт элем. Бирок мен анын намазга жыгылганын көрө элекмин.

Эми уят эмне экенин андан ары улантайын окурманым.

9. Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз айында, айтылуу Кетмен-Төбө жергөсинде бүткүл Түрксой, анын ичинде Кыргызстан тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгын белгиледи. Ошол мааракеге барып алып, Кыргызстандагы экинчи адам – премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Кутмен-Тобе» – деп сүйлөдү. Мына ушуну айтат уят деп. Эгер А.Атамбаев ошончо эле уяттуу болсо, президент өз жарлыгы менен КР Мамлекеттик тил комиссиясын капкачан жабышы керек болчу. Түпкүлүктүү калкы кыргыздар болгон Кыргызстанда түпкү элдин тили Мамлекеттик тил комиссиясынын жардамы менен корголушу жаңа өнүктүрүлүшү керек деген мамлекеттик деңгээлдеги аргасыздыктын өзү парадокс.

Президенттин уяты болсо, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагаларын жыл сайын алмаштырууну кыргыз тилине көрүлүп жаткан «аталык» камкордугу катары эсептебей, Мамлекеттик тил комиссиясын жоюу боюнча жарлыгынын экинчи беренеси менен Президенттик аппаратта, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште, бардык мамлекеттик мекеме-уюмдарда, мектептерде иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт жана бардык иш-чаралар мамлекеттик тилде өтөт, башка тилде сүйлөөгө тыюу салынат деп чечим кабыл алыш керек. Мына ошондо гана эч кандай тил комиссиясы жок эле, чоң натыйжа болот. Мамлекеттик иш-чараларда расмий тил кийинки планга өтөт. Мейли, орус тилдүүлөр, улуту орустар же башкалар каалаган тилде сүйлөй берсин, улуту кыргыздарга башка тилде сүйлөгөнгө тыюу салынса эле, эч кандай Мамлекеттик тил комиссиясы жок эле тил өнүгөт. Мамлекет башчысынын, Өкмөт башчысынын, парламент төрагасынын тилин чайнап, расмий тилде сүйлөп жаткандыгынын өзү уят. Президент үчүн президенттикке талапкерликке арызын жазган 83 киши үчүн уялып кереги жок. Азыркы бийликтин акыл-эске сыйбаган жоболоң жоруктарын карап отуруп, бийликке булар эмес эле, биз келсек болмок экен, мүмкүн, Кыргызстанды биз оңдомокпуз, жок дегенде кантип азыркылардан начар иштемек элек деген ой да кетет экен! 2010-жылдагы Президенттикке талапкерлердин арасында А.Атамбаевден кыйындар бар эле болчу.

10. А.Атамбаев президент болгондон бери ат тезегин кургатпай эле, Түркияга байма-бай каттап жатат. Калп айтпасам, туристтер да Босфор кысыгындагы бул түрк өлкөсүнө А.Атамбаевдей бат-бат каттабаса керек. Төрт жыл аралыгында мен билгенден 7-8 жолу барды. Өлкөнүн биринчи адамы качан болсо Түркияда жүрөт. Мына ушуну уят деп айтат. А.Атамбаев Президентпи же туристпи? Эмнеге ал бу турган Өзбекстанга барбайт? Эмнеге Америкага барбайт? Эмнеге Европага барбайт? Эмнеге Кытайга барбайт? Эмнеге Японияга, эмнеге Кореяга барбайт? Кыргызстандын Түркиядан башка кызматташа турган, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрө турган мамлекети жокпу?

11. Кээде Жоомарт Оторбаев, Тайырбек Сарпашев, Эльвира Сариева баштаган Өкмөт мүчөлөрү буга чейин кайда иштеди экен деп ойлоп кетем? Эмне жетишкендиги, эмне кыйындыгы үчүн, өлкөгө кошкон кандай салымы үчүн,. кандай артыкчылыгы үчүн алар бүгүнкү кызматтарында отурат. Мамлекет башчысы уяттуу болсо, ушул суроого жооп берсинчи. Бул кызмат орундарына алардан татыктуулар жокпу? Албетте, бар. Бирок дээрлик көчөдө жүргөндөр министр болуп жатышат. Мына ушуну айтат уят деп. Өлкөнү бүгүнкү экономикалык кризиске апкелгендер тигил мен арасында бар 83 эмес, бийликке көчөдөн келгендер. (Ислам Каримовдун биздин Президентке айткан какшыгын айтпай эле коёюн.)

12. Соңку 23 жылдан бери бийликтин этегине намаз окуп, кошомат кылгандардын басымдуу көпчүлүгү Эл акыны, Эл жазуучусу, Эл баатыры деген Өкмөттүк наамдарды алып жатат. Мейли, Эл жазуучусу, Эл сүрөтчүсү наамын бергенине да макул дейли. Кыргыз бийлиги эмнеге Эл Баатырлыгын берип жатканга түшүнбөйм. А.Атамбаев бийлик эмне үчүн Бексултан Жакиевге Эл баатырын бергенин түшүндүрүп берсинчи. Муну суроого акым бар, анткени мен да ушул өлкөнүн атуулумун. Албетте, Бексултан Жакиевдин адамгерчилиги, драматургдук өнөрү башка маселе. Ал өзүнүн Теңир тартуулаган таланты үчүн Кыргыз эл жазуучусу наамын капкачан алган. Маселе, Эл жазуучусуна берилген Эл баатырлыгында. Бийлик бул наамды ага кайсы эмгеги, кайсы кызматы, анан эң башкысы кайсы баатырдыгы үчүн берди? Ал кыргыздын кайсы душманы менен кармашып, ким менен барып согушуп, кыргызды, кыргыз мамлекетин кайсы жоодон коргоду экен? Аны Б.Жакиевге Эл Баатыры наамын берген бийлик эле билбесе, мен билбейт экем! Мына ушуну айтат уят деп. Бул киши колуна курал-жарак турсун, жадагалса рогатка кармаган эмес да, рогатка менен чымчык атканын кудай билет. Абалтадан кыргызда Мекенди, жерди, элди жоодон коргоодо, тышкы душмандарды сүрүп чыгарууда эрдик көрсөткөндөрдү эр дешкен, эл-жер үчүн канын төккөндөрдү баатыр деп аташкан. Мекен коргогон адам гана баатыр. Жазуучунун атагы башка. Россияда космонавттарга, учкуч-сыноочуларга баатырлыкты берип жатат. Космосту, асманды багындыруу эрдик. Адам өмүрүн тобокелге салып жатат. Эгер акын-жазуучуларга, сүрөтчүлөргө Эл Баатырын бериш эле керек болсо, анда Анатай Өмүркановго, Шайлообек Дүйшеевге Эл Баатырын бериш керек эле. Бул экөө 1991-жылдан бери бийликке каршы кыйкырып келатат. Анатай байкемди баатыр десе болот, Шайлообекти баатыр десе болот. Бийликтен коркпой, чындыкты айткан Анатай Өмүркановго, Шайлообек Дүйшеевге бийлик эмне үчүн Эл баатырлыгын бербейт? Бексултан Жакиев Аскар Акаевге, же Курманбек Бакиевге каршы турду беле? Ал бирөөнө да сын айткан эмес. Элдин муң-датын, өлкөдөгү нукура чындыкты айтпаган адам кантип баатыр боло калат? Муну кыргызды шылдыңдоо дейт. Мен уят деп ушуну айтам. 83 кишинин президент болом деп арыз жазганы эмес, мына бул уят.

Болуптур, биз 83үбүз уят болгон экенбиз. Башка үчүн жооп бербейм. Мен мойнума алдым, уят болуп калыптырмын. А А.Атамбаев мойнуна алаар бекен, уят болгонун. Мына маселе кайда?

Азыр дебейин, керээрки кышта Кыргызстан солкулдайт. Казакстан, Өзбекстан газга, электр энергиясына болгон бааны көтөрөт, мага окшогон алып-сатарлар төлөшөт, карапайым элге кыйын болот. Өлкөнү энергетикалык кризиске апкелип, арзан суу энергиясын алуунун ордуна он жылдап топтолгон сууну саткандар элдин да, мамлекеттин да убалына калды. Уят мына ушул. А.Атамбаев уяттуу болсо, мына ушундан жыйынтык чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартпайбы. Ушуну айтат уят деп. Анткени суу саткандар эч качан жоопко тартылган эмес, жоопко тартылбай эле жыргап жүрүшөт. Министрден түшөт да, жүрө берет, эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Энергетика тармагын көзөмөлдөй албай, коррупциялык схемаларга жол берген, ага өзү да аралашкан бийликтин жоругу уят. Менин 83чү болуп БШКга президденттикке талапкерликке арыз жазганым уят эмес. Энергосектор, газ, алтын тармагы сатылып кетти, мына ошол уят.

13. А.Атамбаев 29-ноябрда 2014-ж. бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин, анын ичинде Канаданын элчисинин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Канаданын элчисине кайрылып: канадалык компаниялар Кыргызстанда көптөн бери иштеп жаткандыгын, анын бири Камеко компаниясы чоң киреше алганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Центеррадагы акцияларына карата канадалык соттордун чечими боюнча пикирин билдирген мамлекет башчысы канадалык тараптын мындай аракеттери кыргызстандыктар арасында ишенбөөчүлүктү пайда кылып жаткандыгын айта келип: «Жаңы Элчи катары Сиз бул маселелерди Канада жетекчилигине жеткиресиз деп ишенем. Биз демократиялуу эки өлкө катары таптакыр башкача мамиле түзүшүбүз керек», – деп балп эттирип салды.

А.Атамбаев президентпи же 8-классты эптеп бүтүргөн, анан СПТУну араң бүтүргөн трактористпи? Канаданын сотун Кыргызстандын соту деп жүрөбү? Элчи кыргыз президентинин сөзүн өз бийлигине айтса эле, Канада бийлиги сотту баса калмак беле? Канадада сот бийликтин ‘ башка бутактарына баш ийбейт. Бул өлкөдө сот премьер-министрди да, президентти да уруп-ойнобойт. Америка кан какшап жаткан демократия элементтери АКШда, Канадада бар. Эгер Барак Обама туура эмес иш кылса, АКШнын соту импичменттин жыйынтыгынын негизинде аны эки сааттын ичинде камап салат. Эгер Канадада сот туура эмес чечимди кабыл алса, сот ошол күнү өзү жоопко тартылат, өзү соттолуп кетет. Соттор оңго да, солго да кете албайт. А.Атамбаев болсо элчилерди кабыл алууда өзүнүн деңгээли трактористтин деңгээлиндей экенин көрсөттү. Бүгүн тракторист да саясатты жакшы түшүнөт. Соттор көз карандысыз экенин билет, эгер аларга саясатты түшүнбөйт десең таарынат. Анткени тракторист да билимдүү. А.Атамбаевдин президент башы менен элчиге сотуңарды жөн деп койбойсуңарбы дегени уят нерсе. Түшүнгөн кишиге уяттын уяты ушу! Ал Канада сотун Кыргызстандын аткаруу бийлигинин куурчагына айланган соттордой элестетип алса керек.

14. Дин да идеология. Кыргызстан дин идеологиясынан 23 жыл артта калды. Коопсуздук кеңешинде дин багытында мамлекеттик саясат боюнча кабыл алынган чечим кечигип кабыл алынган чечим. Мына ушуну айтат уят деп. Акылына кеч келген президент капкачан кетиш керек эле. Атамбаев болсо үч жылдан соң кейип жатат. Нанды «арам, адал» деп бөлгөндөрдү соттош керек. Аларга нанды адал-арам деп бөлгөнгө ким укук берип жатат? Мына ушуну айтат уят деп. Жогорку Кеңешке бир эмес, эки намазкана курулду, мына ушуну айтат уят деп. Президент алыскы Түркияны мисал келтирип жатат да, Жогорку Кеңешти айтпайт. Эгер президентте уят болсо: «Ай, Жогорку Кеңеш бет барбы, уятыңар барбы» – деп Ак үйгө намазкана курулганда айтыш керек болчу.

… Эмне үчүн Россия Украинаны АКШга алдырып койду. Себеби Кыргызстан 23 жыл дин саясатынан аксап келгендей, Россия да эл аралык саясатта 23 жыл аксады. Дал ушул маалда Украинада АКШнын идеологиялык арааны жүрдү. Украинадагы согуш АКШ идеологиясынын жемиши. Алар украиналыктарды зомбиге айлантып салышкан. Жогорку Кеңешке намазкана ачкан Кыргызстанда эртең диний жаңжалдар башталып кетпестигине, дин жикчилдери, радикал исламчылар жихад жарыялабастыгына кепилдик барбы? Албетте, кепилдик жок!

15. А.Атамбаев журналист көрсө эле жини келет. Себеби өзү тууралуу айтылып жаткан сындарга итиркейи келет, анын президенттиги жөнүндөгү ачуу чындыктан коркот, өзүнө айтылган сын сөздөн чочулайт, ал өзүн гений сезип алган. Ал: «Журналисттер калп айта берет» – дейт. Туура, журналисттер калп жазган учурлар аз эмес. Бир журналист мактап жазат, бири жамандап жазат, бул басма сөз каражатынын анатомиясынын философиясы ушундай. Бири оппозициянын гезити, бири бул, бири тйги партиянын гезити. Бири дыйкандардыкы. Анан гезиттер ар кимдики болгон соң, өз кожоюндарынын чоорун тартып, ырын ырдай турганы мыйзамченемдүү нерсе. Муну мен айтпасам да, президент жакшы билет. Андай болгондо, ал Черчилль айтмакчы, саясатка келдиңби, мамлекет башында отурасыңбы, тейтелең-тейтелең этип, журналисттерге таарынып, аларды кекетпей, сынды бегемоттун же крокодилдин терисиндей тери менен көтөрүш керек. Гезиттер жазабы-коёбу терикпеш керек! «Мейли, жалганды да жаза бер, эл өзү талдап алат» деш керек, журналисттерге таарынгандын ордуна. Ошону айтат мыкты президент деп. Антүүнүн ордуна: «Силер жооп бересиңер, мамлекеттин жакшы жагын жазбайсыңар» – деп калемгерлер менен абысынча айтышуу уят. Бул президентке кадыр-барк апкелбейт. Мамлекет башчысы айтпаса деле, «Кыргыз Туусу» менен «Эркин Тоо» бийликтин жакшы жагын жазып түгөтө албай жатпайбы. Эл башы менен ММКларга чабуулга өткөнү уят. Себеби журналист да, акындар, артисттер, уурулар, дыйкандар, базарда соода кылгандар – баары биригип келип, Кыргызстандын эли. Алар жаманбы-жакшыбы, кедейби-байбы, аксакпы-тексекпи, А.Атамбаевге кол берип президент кылгандар ошолор. Ата-эненин он баласы болсо, бир баласы жакшы, бир баласы жаман болот, бирок ата-энеге бардык баласы бирдей. Ата-эне бардык балдарына бирдей мамиле жасайт, бөлбөйт. Президент да элди өзгө жана бөтөнгө бөлбөй, баарына тең карашы керек.

16. Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыраны Казакстанга бергенди уят дейт. Өзбекстандын аймагындагы Барак анклавы мамлекет чек ара маселесине колдун учу менен мамиле жасагандыктан, кыргыз бийлиги өзбек бийлиги менен тил табыша албаганынан улам колдон чыкканы туру. Президент уяттуу болсо, анда эмне үчүн бул маселенин ак-карасын териштирип, эл алдында айтып чыкпайт? Чек ара маселесинде, жерди кошуна өлкөлөргө кармата берүүдө ким күнөөлүү болсо, баарын соттош керек, күнөөсү жокпу, чек ара маселеси кандай чечилгенин элге ачык айтышы керек. Мына булар сатыптыр же туура эле кылган деп айтканга эмнеге болбосун? Эмне үчүн муну ачыкка алып чыкпайт. Эл башы болгон соң, мурдагы жаман-жакшыны иргеш, чек ара маселесин так кесер чечиш А.Атамбаеңдин милдети. Чек ара өңдүү мамлекеттик маселени толук кандуу түшүнбөйбү, чече албайбы, мына ушул уят!!! Барак анклавына барып, анда жашап элдин абалынан кабар албаганы, өз элинин тагдырына кайдыгер караганы уят. Иши кылып бизде уяла турган иш көп, мен чекесин гана жаздым. Менин ушул макаламдан кийин укук коргоо органдарынын кээ бир өкүлдөрү мага «чабуулга» өтүшсө уят деп ошону айтат. Эми мен андан деле коркпойм, себеби ар бир башта бир өлүм туру дечи, болгону өлүмдү кечирээгинен берсин деп тилек кылып турайын. Менин айтканым турмуш чындыгы экен деп Алмазбек Шаршенович туура жыйынтык чыгарат деп ойлойм.

Окурманым! Мен уят деген теманы улантууга аргасыз болуп олтурам. Окусаң өзүң түшүнөөрсүң.

Ыраматылык Салижан Жигитов бир жолу: «Курманбек Бакиевдин кагаздан текст окуганын карап отурсаң, президент кейиптенгенсийт, бирок кагаздан башын көтөрсө эле парторг» – деп айтты эле.

Анын сыңары ара-чолодо саясатка аралашып жүргөндөр, айрыкча президент А.Атамбаевдин айланасында караан болуп жүргөн саясатчылар менен сүйлөшө калганда: «Атамбаев сыртка чыкканда: «Дагы эмнени балп этип жиберер экен» – деп ичибизден кыпылдап турабыз» – деп калышат.

Ооба, мен талашпайм, Алмазбек Атамбаев «непредсказуемый», эмоциясы чукул президент. Оюнда эмне болсо, анысын эл эмне ойлойт болду экен ай, эл аралык коомчулук кандай кабыл алат экен ай, бул айткандарым дипломатиялык этикетке туура келеби, мамлекет башчысы айта турган кеппи, бирөөнүн көңүлүнө кетпес бекен деп жети ойлоп бир кесип олтурбай эле, шар эле айтып салат. Ал саясатка аралашканы анын мындай кески сөздөрүнө жедеп көнүп бүткөндөй болдук окшойт. Эстейличи, ал саясатка келгени кимдер тууралуу эмне гана сөздөрдү балп эттирген жок. Кыргыздын комиссар Каттаниси атанган Өмүрбек Суваналиев тууралуу айткан бир ооз сөзү кыштын күнү түшкөн ча-гылгандай болгон. Антип жүрөгүндө жалы бар, Кудайдан башкадан, өлүмдөн да коркпогон бир эр киши, болбосо бир апенди киши айтат. А бир өлкөнүн президентин апенди дегендин өзү күнөө. А.Атамбаев ачылбаган сандыктай адам, анда эмне бар экенин билип болбойт, мүмкүн, өзү да анда эмне бар экенин билбейт. Сандык толо алтынбы, сандык толо жардыргычпы, аны айтуу кыйын.

Өткөндө Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясына барып келди. Мамлекет башчысынын бул иш сапарын КТРК А.Атамбаевдин буту араб жерин аттагандан баштап бапылдап, керней-сурнайын тартып, даңк-дүңк дедирип жатты. АКШга каттабаган, Жапонияга барбаган, Европанын эшигин ачып, терезесин какпаган президенттин бул иш сапары тууралуу коомдук телеканалга айланса да, «кул кулдугун миң жыл коё бербейт» болуп, бийликтин таманына батек болуп төшөлгөн КТРК мамлекет башчысынын акылмандыгы тууралуу айтып түгөтө албады.

Барыш-келиш, алака-катыш илгертен боло келген. Айталы, адам тамакты эмне үчүн ичет, кийимди эмне үчүн киет? Тамакты тамактаныш керектиги үчүн ичебизби? Кийимди кийиниш керектиги үчүн кийинебизби? Жок, мен билгенден адам баласы жашаш үчүн тамактанат. Кийим кийгендин өзү артыкчылык, же кемчилик эмес, муктаждык. Мамлекеттер ортосундагы карым-катыш да муктаждык. Аны мамлекет башчысынын акылман саясаты, же көрөгөчтүгү катары түшүндүрүүнүн кереги жок. Президенттин милдети ошол. А.Атамбаев болобу, же башкасыбы Россия, Түркия менен гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде Араб дүйнөсү менен кызматташтыкты жолго койгону ийги.

Демек, ушул ыңгайдан алганда А.Атамбаев мамлекет башчысы катары өз милдетин гана аткарды. Мында эч кандай акылман саясат жок. Эгер акылман саясат болсо, ал Сауд Аравиясынын лидерлери менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып: «Силердин акчаңар капыр өлкөлөрдүн банктарында айланып жүрөт» демек эмес. Араб шейхтери анын бул сөзүн кандай кабыл алды, котормочу мүмкүн анын бул айткандарын жымсалдатып которуп бердиби, куду кыргыздын комиссар Каттанисин «…» дегендей, барскан менен темирди бир соккондой, ал сөз менен арабдарды башка бир чапты. Байкабай айтып алдыбы, толкундап кеттиби, же атайылап айттыбы, айтор, дипломатиянын чегинен чыгып кетти. А.Атамбаев катардагы адамдын бири эмес, кедей өлкөнүн болсо да президенти эмеспи, ушул кантип болсун? «Мусулман өлкөлөрдүн акчалары капырлардын банктарында тегеренип жатат» дейт тимеле арабдарга кыргыздардын бир нерсеси өтүп кеткенсип, же Кыргызстан ислам өлкөсү болгонсуп. «Капырлардын банктарында тегеренип жатат» дегени капырларга кызмат кылып, процент тууп жатат дегени. Аны бүт дүйнө укту. Эгер чоң эсептен алсак, Кыргызстан ислам өлкөсү.бмес. Биз Конституциябызга дин мамлекеттен тышкары деп ак-карасынан жазып койгонбуз. Андай болгондо, Кыргызстандын банктарын капыр эмес, ислам банктары катары кабыл алууга болбойт. Бизде бир гана ислам жол-жоболорун карманган, тагыраагы карманымыш эткен банк бар. Ал – «Экоисламикбанк». Башка банктардын канчасы капыр, канчасы шайтан, канчасы жөөттөрдүн банкы, канчасында мыйзамсыз, арам акчалар айланып жатат, бул өтө талаш маселе. Дегеле, финансы системасынын өз мыйзамдары, жол-жоболору бар. Адалбы, арамбы, мыйзамдуубу, же мыйзамсызбы, улутуна, жынысына, арасасына карабай, акча дайыма кыймылда болушу, айланып турушу керек. Антпегенде эле акча өз касиетин жоготот. Акчанын кыйм^шда болушуна альтернатива жок.

Албетте, А.Атамбаев: «Мусулман өлкөлөрдүн акчалары капырлардын банктарында тегеренип жатат» – деп айтуу менен эмне айткысы келгенин мен да, Араб өлкөлөрүнүн лидерлери да түшүнүп турат. Бирок да кандай болгондо да ал мамлекет башчысы катары дипломатиянын чегинен чыкпай, араб өлкөлөрүнө да, «капыр өлкөлөргө» да тийиштик кылбай, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болор эле.

Дагынкысы дагы бар дегендей, биздин ичинен от алган президентибиз: «Силердин Баланча деген чоң атаңар Кыргызстанга келип, бизди мусулман кылып кеткенин унутпагыла» – деди. Муну кандай түшүнсөк болот? Арабдарга карата кошомат катарыбы, же Кыргызстанды жана кыргыздарды арабдардын таман алдына басып берүү катарыбы? А.Атамбаев: «Мен эч кимдин алдында чөгөлөбөйм» – деп айтканды жакшы көрчү эле. Арийне, А.Атамбаевдин бул айткандары арабдардын алдында чөгөлөө эмей эмне? Чөгөлөө кыргыздын ата-баба салтында жок. Бул, албетте, уят.

Анан да А.Атамбаев ушул жолку иш сапарында: «Кыргызстан бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк башкаруудан кеткен» – деп ляп эттирди. Анын айлана-чөйрөсүндөгүлөр: «Президент дагы эмнени балп эттирип жиберет экен» – деп чочулагандай эле иш болду. А.Атамбаев антип АКШга, Европага барып айтса жарашмак. Араб мамлекеттеринде атам замандан бийлик атадан балага өтөт эмеспи. Бизде көчмөн элдерде хандын баласы хан болушу керек эмес. А арабдарда шейхтин укум-тукумдары гана шейх болот деген жазылбаган мыйзам бар. Айрым араб өлкөлөрүндө бийлик атадан балага өтөт. Пайгамбарлардын балдарына зор урмат-сый көрсөтүлөт. Халифтердин укум-тукумдарыбыз дегендер «Халифат курабыз» дешип, дүйнөнү будуң-чаң кылып, кутуруп жүрүшпөйбү. Президент А.Атамбаев эл аралык саясатты менден жаман билет, түшүнбөйт деп айтканда болбойт. Билип туруп эле, өзүнүн араб мамлекеттерине болгон расмий иш сапарынын алкагында: «Кыр-гызстан үй-бүлөлүк башкаруудан кеткен» – деп балп эттирди. Биерде комментарий берүү да кыйын.

Эсимде, Аскар Акаев президент болуп турганда, Иерусалимге расмий иш сапары менен барып, дүйнөнү дүң кылган. Ошондон кийин араб дүйнөсү А.Акаевге далысын салып калган. Эми болсо, А.Атамбаев Сауд Аравиясына барып алып, оозуна келгенин оттоп жатат. Албетте, мен кошулам, ал: «Мусулман өлкөлөрүнүн акчалары капырлардын банктарында айланып жатат» – деп кашкайган чындыкты айтты. Ал чындыкты арабдар өздөрү деле көрүп-билип турат. Бирок арабдар менен жөөттөр кыргыз менен казактай бир атанын балдары эмеспи. Алар бири-бирине бизге караганда, миң эсе жакын, жаны бир, каны бир, дини башка эле болбосо, сыйынган Кудайлары да бир.

Алты жашар бала минтип айтса да мейли, А.Атамбаевге мамлекет башчысынын алты жашар баланын кебин айтып турушу кулакка жагымсыз көрүнүп, көзгө өөн учурайт экен. Ооба, кыргыздарды «Кудайга кул, Мухаммедге үмөт» кылгандар да арабдар болгон. Ошондон бери биз, кыргыздар, Теңирдин эли – Кудайга кул болуп келатабыз. Ошол кул болгон үчүн тизелеп намаз окуйбуз, кул болгон үчүн жерибизди тарттырып, байлыгыбызды алдырып, Теңирдин бейиштей жеринде куурап жашап жатабыз.

Сазыкбай Турдумалиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: