Альметьевсктеги орус тили жана адабияты мугалими Румия Хусаинова он алты жашка чыга элек өспүрүм менен лесбияндыкка барган деп айыпталууда.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Хусаинова 2016-жылдын жайында Альметьевскте төрт жолу 15 жаштагы окуучу кыз менен интимдик жакындыкка барган. Кезектеги байланыш маалында кыз кансырап, аны ооруканага жеткиришкен.
Орусия Тергөө комитетинин Татарстандагы башкармалыгынан маалымдашкандай, шектүү кылмыш кылганын толугу менен моюнуна алган. Учурда ал үй камагына алынып, иш сотко жөнөтүлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ