Түркия менен Кыргызстандын мамилеси начарлаганы үчүн Бишкекте өтүүчү түрк тилдүү элдердин саммити белгисиз мөөнөткө жылдырылдыбы?
– Кыргызстан менен Түркия мамлекеттер ортосунда мамиле салкындашы Орусия учагына Түркия кол салгандан баштап байкаса болот. Анда кыргыз президенти Түркия президентине кандайдыр бир түрдө сын-пикир айтылганы эсибизде. Кийин Түркиядагы төңкөрүшкө жасалган аракеттерден кийин, алардын ТИМ Чавушоглунун Ф.Гюлен жөнүндөгү сөзүнө КР ТИМ, анан президент кандай жооп бергени да эки мамлекет ортосундагы мамилелер солгундап кеткенин далилдеген. Кийинкиси, президент Атамбаевдин Түркияга жетип ооруп калып, кайра кайткандан кийин ал жактагы ММК басылмасындагы (т.а. «Siyaset cafe») президент Атамбаев жөнүндө терс маалымат жарыялаганын жергиликтүү жана чет өлкөлүк сайттар кайталап жазышканы да факт. Ушунун баарын эске алганда аталган саммит өткөрүү датасы белгисиз убакытка жылдырылганы эч кимге түшүнбөстүк жаратпайт болуш керек. Анткени аны өткөрүү аракеттер болгон күндө да расмий Анкара ага келип катышуусу күмөн болушу мүмкүн.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ