Menu

Тажикстан сырттан $916 млн карыз жана насыя алат

Бөлүшүү:

Тажикстан парламенти 2017-2019-жылдарга карата Мамлекеттик тышкы карыз алуу программасын кабыл алды. Алдыдагы үч жыл ичинде өлкө сырттан 916 млн АКШ доллар өлчөмүндө акча алат.

Тажикстан парламентинде өлкөнүн каржы министри Абдусалом Курбониён сырттан тартылган каражат айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, коммуникация жана мамлекеттик башкаруу тармактарына, ошондой эле мамлекеттин жеке секторлор менен кызматташуусуна багытталарын белгиледи.

Анын айтымында, карыздардын үстөгү 0,5—2% пайыз болуп, кутулуу мөөнөтү 20-40 жылды түзөт. «Ал каражаттардын 35% гранттар же кайтарымсыз насыялар түзөт. Программанын башкы насыя берүүчүлөрү болуп Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана Кытайдын банктары эсептелет», – деди министр.

Учурда Тажикстандын тышкы карызы 2 млрд. 276 млн АКШ долларын же болжол менен ички дүң өнүмдүн 36% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: