Бүгүн, 30-ноябрда “Ак кеме” мейманканасынын жыйындар залында саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер маалымат жыйын өткөрүштү. Анда саясатчылар өлкөдөгү бүгүнкү түзүлгөн саясый-экономикалык кризиске баа берип, мындан ары бүгүнкү бийликке каршы чоогу күрөшүүгө биригишкенин жарыялашты.
“Биздин катарыбызга Каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев баштаган бир нече саясатчылар да кошулушту”, – деп билдирди Адахан Мадумаров.
Маалымат жыйынга көптөгөн журналисттер катышып, үчилтикке жайнаган суроолорду узатышты. Жыйындын жүрүшү боюнча маалыматтарды кийинчерээк тартуулайбыз.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ