АКШ элчилиги өлкөдөгү башталгыч класстар үчүн 261 миң 500 китеп берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Улуттук адабият күнүнө байланыштуу иш чарада билдирди.
Элчи быйыл эки өлкө кызматташуунун 25 жылдыгын белгилеп жатканын айтты. Ал ишенимге, теңчилик жана сый-урматка багытталган мамилелерди жогору баалай турганын кошумчалады.
Бул мааракенин урматына 1-4-класстар үчүн китеп берүү чечими кабыл алынганы маалым болду.
Кечээ залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болчу. Анын урматына арналып 12-декабрь – Кыргызстанда улуттук адабият күнү деп жарыялаган. Мунун алкагында Бишкекте “Улуттук адабият жумалыгы” уюштурулду. Бир апта ичинде акын-жазуучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер, балдар китептерине арналган жармаңке, республика боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын арасында “Бирге китеп окуйбуз” аттуу акция, жомок каармандарынын сүрөттөрүн тартуу боюнча сынак өттү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ