Menu

Кыргызстанда алтын ташыгандардан акы алуу сунушталды

Бөлүшүү:

Экономика министрлиги алтын кошулмасын сыртка чыгарууга экспорттук бажы төлөмүн киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Бирок бул долбоордун үстүнөн иштеген мекемелер аралык комиссия анын өлчөмү кандай болору тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек. Ошол эле кезде айрым адистер жана мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчилер алтын же башка баалуу металл кошулмасын сыртка чыгарууга жол бербей, аны жеринде иштетүүгө чет элдик кен иштетүүчү компанияларды мажбурлоо зарылчылыгын сунушташууда.

Буга чейин Чоң-Алайдагы, Чаткалдагы, Ала-Букадагы алтын кендеринен, Чүйдөгү Талды-Булак Сол жээк кенинен жүздөгөн тонна алтын кошулмалары​ Кытайга, Казакстанга жана Орусияга ташылып кетип жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн. Кен казуучу чет элдик компаниялар муну жеринде алтынды ажыратып ала турган өндүрүштүн жоктугу менен түшүндүрүшкөн.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен “Алтынкен” компаниясы алтын тазалоочу фабрикасы курулганына карабастан жылына 3 миң тоннага чукул алтын кошулмасын Кытайга ташып кетип жатканын билдирген эле.

Анткен менен Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев алтын кошулмасын сыртка ташып чыгып, иштетүүнүн сырларын мындайча чечмеледи:

– Тоо-кен байлыгын бири-биринен ажыратып алуу технологиясы татаал жана кымбат жумуш. Ошондуктан азыр Кыргызстанда кен казып жаткан компаниялар ошондой көп чыгым кылбаш үчүн алтын кошулмаларын чет өлкөгө алып барып тазалатып, иштетип анан сатууга чыгарып жатышат. Бул жерде чоң пайданы көздөгөн бир максат алтын казып алууга лицензия алган компания алтын кошулмасынын арасындагы башка кымбат баалуу минералдарды дагы сырттан тазалатып алат. Ал сыртта иштетилгендиктен албетте, каттоого алынбайт. Андан салык дагы алынбайт. Ошон үчүн кен казуучу компаниялар аз көлөмдө болсо дагы минералдарды ажыратып алууга кызыкдар. Анын сыры мына ушундай.

2011-жылы Чоң-Алайда алтын кенин иштеткен “Кайди” компаниясы дагы тиешелүү бийлик органдарынын тымызын уруксаты менен кенди Кытайга ташып кетип жатканы ачыкка чыккан. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар бир канча тонна алтын кошулмасы жүктөлгөн оор жүк ташуучу автоунааларды токтотуп кармап алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: