Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Бириккен Араб Эмирлигине эки күндүк расмий иш сапар менен барды. Анда казак лидери өлкөнүн мамлекеттик ишмерлери жана ишкердик чөйрө өкүлдөрү менен жолуга тургандыгы кабарланууда.
Казакстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилигинин маалыматы боюнча эки өлкө ортосунда туризм, каржы жана энергетика тармактары боюнча кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлат.
16-январда Нурсултан Назарбаев Абу-Дабиде өтө турган Бүткүл дүйнөлүк «Келечектин энергиясы» аттуу Х саммиттин ишине катышат.
Бул Казакстан президентинин 2017-жылдагы чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ