Menu

Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев көзү тирүү болгондо бүгүн 95 жашка чыкмак

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасныын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата- Мекендик Согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуев көзү тирүү болгондо бүгүн 15- май күнү 95 жашка чыкмак.
Бул күндү Кыргз Республикасыны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Сооронбай Жусуевди эскерүү күнү” деп жарыялады. Кыргыз маданият ишмерлери бул күнү акындын ырларын окуп, чыгармачылыгына жана басып өткөн өмүр жолуна кайрылышат.
Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Орто мектепти аяктаары менен Улуу Ата-Мекендик согушка аттанып, атактуу Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн. Согуштан кайткандан кийин 1946–1947-жылдары Совет районундук “Коммунизм үчүн” гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда билим алат. Аталган окуу жайынын кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөндөн кийин, 1951-жылы Ош облустук “Ленин жолу” гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштейт. Ошол эле жылы Москванын Максим Горький атындагы адабият институтуна тапшырып, билим алат. Адабият институтун аяктап келгенден кийин “Ала-Тоо” адабий көркөм журналынын башкы редактору, “Чалкан” сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенген.
Сооронбай Жусуев токсондан аша жашап, көзү өткүчө улуттук адабиятыбызга нар көтөргүс салым кошкон. Кыргыз поэзиясынын казынасын байытып 11 томдук ыр жыйнактарын мурас калтырган. Бир нече ырларына чыгаан композитор, обончулар обон жараткан. Котормочу катары да орус, казак, өзбек элдеринин чыгаан акындарынын ырларын, Шекспирдин драмаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы ал “Кыргыз ССРинин эл акыны” наамы ыйгарылган.
1998 -жылы ыр менен жазылган “Курманжан Датка” романы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму Сооронбай Жусуевдин чыгармачылык ийгиликтерин баалап, Алтын медаль менен сыйлаган.
2007-жыл “Кыргыз Республикасынын Баатыры” ардактуу наамы ыйгарылып, “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуу болгон.
Эл акыны, баатырыбыз Сооронбай Жусуевди кыргыз элине калтырып кеткен өлбөс мурастары, ыр берметтери менен эскерели.

Бүгүн Кыргызстандын театрлары, маданий коомчулук Эл акынынын ырларын социалдык тармактарда окушат. Залкар акындын өмүрү ишмердиги тууралуу “Талант сыры” аттуу көрсөтүү КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил.” каналында 18.25те, акындын романынын негизинде коюлган “Курманжан Датка” спектаклин С.Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын артисттеринин аткаруусунда саат 18.55те, Кыргыз Респуьликасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясынан 13:30да Сооронбай Жусуев жөнүндө даярдалган «Зоболо» берүүсүн, 17:30да белгилүү адабиятчы А. Муратов менен маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин эскерүү маегин, жана 18:45те «Слово о поэте» аталышындагы көрсөтүүлөрдү  көрө аласыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: