Menu

Кыргызгидромет: 29-марттан 5-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматына ылайык 2016-жылдын 29-мартынан 5-апрелне чейин аба ырайынын болжолдоо баракчасы.

Бишкек шаарында 29-март күн түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 29-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 17…19° жылуу болушу күтүлөт.

29-30-март күндөрү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-март күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда кар күрткүсу, автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Абанын температурасы төмөндөйт.

3-5-апрель күндөрү жаан-чачындуу аба ырайы сакталып турат, мезгил-мезгил менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасыбир аз жогорулайт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: