“Белизгейт” боюнча бизге тагылган айыптар калп, жасалма жалаа экенин биз фактылар , документтер жана логика менен далилдеп бердик. Буга УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, Генпрокурор Индира Жолдубаева жана президент Алмаз Атамбаев аралашышкан. Бирок, 5 айдан кийин бизде бийлик, президент алмашат. Ошондо бул жалаалар аныкталып, Сегизбаев, Жолдубаевалар бул иштери үчүн камалат. Атамбаев да өз жазасын алат. Мен буга ишенем”, – деп билдирди бүгүн, 31-январда маалымат жыйын өткөргөн Өмүрбек Текебаев.
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ