Жер маселесин байланыштуу соттолгон Макс Бокаев менен Талгат Аяндын ысымдары терроризм жана экстремизмди каржылоого байланыштуу уюм жана кишилердин тизмесинде пайда болду. Бул арада камактагы активисттер кай жакта экенин белгисиз.
Терроризм жана экстремизмди каржылоого тиешеси бар уюмдардын жана кишилердин тизмеси Каржылык көзөмөл комитетинин сайтында жарыяланды. Экстремисттик жана террордук кылмыштарды жасоо боюнча соттолгон жарандар бул тизмеге кирет.
Активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян Атырау шаарында жазында өткөн жер реформаларына каршы митингдерде кастыкты козутууга, атайлап жалган маалымат тартууга айыпталып, беш жылдан эркине ажыратылышкан. Өткөн айда апелляциялык инстанция өкүмдү күчүндө калтырган.
Учурда Макс Бокаев менен Талгат Аян кайда экенин так белгисиз. Өз булактардын кабарлашынча, алар этап менен жаза өтөө жайларына жеткирилишет.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Макс Бокаев менен Талгат Аяндын соттолушун айыптаган. Европа биримдиги Казакстан бийлигине кайрылып, аларды бошотууга үндөгөн. БУУ эксперттери активисттер саясий себептерден улам куугунтукталып жатканын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ