Menu

Таластын губернатору коррупционерби?

Бөлүшүү:

Талас облустук музыкалык драма театрынын курулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан бөлүнгөн 45 миллион сом максатсыз жумшалгандыгын Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында юрист болуп иштеп кеткен Аскар Исабеков айтып чыкты. Ал: “ Дегеле бул имараттын курулушунда ачыктан-ачык мыйзам бузууга жол берилген. Бул боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси, азыркы учурдагы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев менен талаш-тартыштар болгон. Мисалы, объектини эксплуатацияга берүү 2017-жылдын октябрь айында Атамбаевдин катышуусунда болгонуна карабастан, курулуш башкармалыгы 2018-жылдын май айына чейин отчёт берип жүргөн. Анан да бул жерде баалар өтө жогору болуп көрсөтүлгөн. Маселен, жабдыктарга 7,5 миллион жумшалса, аны орнотуу 25 миллион сомго чыгып кеткен.

Мындан тышкары, отчётто январь айында имараттын сыртын жасалгалоого 12 миллион сом коротулганы жазылган. Бирок, биз, таластыктар кышында андай жумуш болгонун көргөн эмеспиз, — деп агынан жарылды. Бул коррупциялык иш боюнча УКМКга арыз жолдогон Исабеков Мураталиев менен пикири келишпей, жумуштан чыгып кеткен. Эске сала кетсек, экс-президент Атамбаев былтыр театрдын ачылышында бул акчаны орусиялык досторунан алганын айткан.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: