Гурбангулы Бердымухамедов жекшембиде өткөн шайлоодо 97,69 % добуш топтоп, үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланды.
Бердымухамедовдон тышкары саясий өнөктүктө дагы сегиз талапкер ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 97% добуш бергенин жарыялады.
Ошол эле маалда “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы 12-февраль, жекшембиде добуш берүү тилкелеринде элдин анча жигердүүлүгү байкалбаганын билдирди. ЕККУдан алты эл аралык байкоочу жараянга көз салды. Уюм дайым өлкөдөгү шайлоо таза жана акыйкат өтпөй келерин баса белгилеп келет.
Бердымухамедов биринчи жолу 2017-жылы Түркмөнстандын президенти болуп шайланган. 2016-жылы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекет башчынын мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга жогорулап, жашты чектөө жоюлган.
Түркмөнстан жаратылыш газ кендеринин көптүгү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Өлкө Орусия, Кытай жана Иранга көгүлтүр отунду экспорттойт. БУУнун маалыматы боюнча калк оор абалда. Укук коргоочулар Бердымухамедовду адам укуктарын бузуп, сөз эркиндигин муунтуп, оппозицияны басууда деп айыптап келишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ