Menu

Мадияр Кулуев Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына кайтып келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-декабрда Мадияр Кулуев Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына кайтып келди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кулуев бардык сот инстанцияларын жеңип чыккан.

Өзгөчө кырдаал учурунда Бишкек шаарынын комендантынын буйругу менен 7-апрелде Кулуев Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Ошол учурда милицияда маалымдалгандай, мындай чечим Кулуевге өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбаганы, жеке курамды көзөмөлдөбөгөндүгү, кадрлар менен тарбия иштерин туура жүргүзбөгөндүгү, Бишкек шаарынын комендатурасынын, Бишкек ШИИББнин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын четке какканы жана аткарбаганы үчүн чыгарылган.

Кийин Жеңишбек Абитов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: