Кыргызстан өлкөсү генералдарга абдан бай. Союз тарагандан кийин мамлекетке келген ажолор сараңдыгын коюшуп, марттыгын бекемдешкен. Ошондуктан,тууганчылыкка, жердешчиликке, достукка басым жасалып татыксыздарына деле генералдык чинди ыйгарып салышкан. Ошолордун айрымдары – Топоев, Ашыркулов сыяктуулар азыр орус жергесинде, Жаныш Бакиев болсо Минскиде оокатын жасаган кездери. Бирок ошолордон кеңеш-таңаш сурагандардын аягы бүгүн, эртең тыйылчудай түрү жок. Жашырынып баргандар, ачык эле көңүлүм ачам дегендер толтура.
Турмуш деген бирде төө мингизет, кээде жөө жүргүзөт дейт. Анын сыңарындай үлкөн кызматтан кол жуугандар деле тим жатышпайт шекилди. Аларды ар түркүн ыкмага салып жандандырууга аракет кылган лидерлер, ажолукка талапкерлер бар экенин билебиз. Учурда Бакирдин Субанбеков гана парламетте отурат. Зарылбек Рысалиев, Өмүрбек Суваналиев, Мелис Турганбаев, Артур Медетбеков, Абдылда Суранчиев, Бактыбек Алымбеков өңдүү генералдар өздөрү каалаган тарапка оойт да акыры. Ким билет, эгерде Мыктыбек Абдылдаев да падыша болом деп таптанса ошону колдошоор. Тилектештик деген баары бир жашап жатат да, ботом!
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ