Күздө өтүүчү президенттик шайлоого бийлик кимди сүйрөйт деген маселе коомчулукта актуалдуулугун жогото элек. Бирок бул маселе Россиянин президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келип кетиши менен ого бетер кызыды. Путиндин Сапар Исаковго болгон жылуу мамилеси, бийликтин анын шайлоодо мураскор катары чыгаарын айгинелеп койду дешүүдө. Оомат бир келет дегендей, күлүк табында кезинде чуркаш керек. Демек Сапар мырзанын кел-кели келип турган чак. Саясаттагы кадамы айтылуу Медет Садыркуловдун жардамчысы болуп жүргөн кезинде башталганын көпчүлүк биле беришпейт. Садыркулов Бакиевдер колдуу болгондон кийин, Оксана Малеванная кызматка тарткан. Малеванная менен Садыркуловдун мамилеси ошол кезде баарына дайын болчу. Демек Медет мырза ишенген, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигиттин потенциалын Оксана туура баалап, колдоо кылса керек… Исаковдун дараметин Аликбек Жекшенкулов дагы туура баамдап, тышкы иштер министри болуп турганда кызматка алып, карьералык жактан өсүшүнө түрткү берген…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ