Кошмо Штаттар 2014-жылдын 16-мартындагы референдумду жана Крымды аннексиялоо аракетин тааныбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Марк Тонер билдирди. Ал АКШ Украинанын суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын баса белгиледи.
Билдирүүдө Марк Тонер Вашингтон Орусиянын Крымдагы оккупациясын айыптай турганын айтты. “Орусия жарым аралдагы көзөмөлдү Украинага өткөрүп бергичекти биздин Крымга байланыштуу санкцияларыбыз сакталат”,– деди ал.
Москвада журналисттер алдында сөз сүйлөп жатып Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Крымды Орусияга кайтаруу боюнча сунуштарды четке какты.
АКШ президенти Дональд Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Москва менен алаканы жакшырта турганын билдирген. Акыркы жолу Кремль Акүйдү убадаларын аткарбай жатат деп айыптаган.
16-мартта Европа парламенти Орусияны мыйзамсыз кармалган жыйырмадан ашуун украин жарандарын бошотууга жана алардын коопсуздугун камсыздоого үндөгөн. 2014-жылы апрелде башталган жаңжалдан бери 9750 киши курман болду.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ