Menu

Адилет иликтөө жүргүзүүнү камсыздап беришиңизди суранабыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай

Шарипович Жээнбековго “Кара-Суу ынтымагы”

коомдук бирикмесинин  аксакалдар тобунун

Кайрылуусу

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович, өзүңүз жакшы билгендей, Кара-Суу району өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык, территориалдык-демографиялык, маданий-агартуучулук жагынан өзгөчө мааниге ээ аймак болуп саналат. 460 миңден ашуун калкы бар районубуздун мээнеткеч эли өлкөбүздүн экономикалык кубатынын артышы, маданий жетишкендиктеринин алгалашы, эл аралык аброюнун жогорулашы үчүн жасап жаткан иштериңизди, башкаруучулук саясатыңызды ар тараптуу жана чын дилден колдоп келе жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Кара-Суу районунан тээ Союздун учурунан бери эле атактуу пахтакерлер, илимпоздор, маданият, адабият ишмерлери, коомдук-мамлекеттик кызматкерлер чыгып, жалпы республикабыздын кадыр-баркынын артышына чоң салымдарын кошуп келишкен. Улуу муундун мындай салтын районубуздун кийинки муундагы өкулдөрү да ийгиликтүү улантып келе жатышат. Алардын эң алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болуп Курсан Асанов эсептелет демекчибиз.

Дагы да өзүңүз жакшы билгендей, урматтуу Сооронбай Шарипович, Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин райондук бөлүмүнүн катардагы кызматкеринен баштап генерал-мойордук чинге, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басарлыгына ак мээнети, адал кызматы менен жетти. Айрыкча 2010-жылдаты улуттар аралык Ош коогалаңындагы Курсан Асановдун чыныгы мекенчилдик иш-аракети анын өз кызматын, Ата Журтун чексиз сүйгөн азамат экендигин айдан ачык далилдеди.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, 2019-жылдын 7-8-август күндөрүндөгү Кой-Таш окуяларына байланыштуу Курсан Асановдун айланасындагы окуяларды өзүңүз жеке көзөмөлгө алып, ар тараптуу, адилет иликтөө жүргүзүүнү камсыздап беришиңизди “Кара-Суу ынтымагы” коомдук фондунун аксакалдары көптөн-көп суранабыз.

Атпай журт мүдөөсүн аркалаган жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз:

Дүйшө Кудаяров, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги; Курманбек Рахманов, ардактуу ардагер; Кушбак Кадырбеков, КР эмгек сиңирген врачы; Аширали Зүрдинов, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү; Адылжан Абдуллаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Буркан Жумабаев, КР эмгек сиңирген байланышчысы; Азамат Ахмеджанов, ардактуу ардагер; Каримберди Турапов, КР эл артисти; Жылдызкан Жолдошева, “Курманжан датка” фондунун Төрайымы; Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор; Махмуд Саимбаев, эмгек ардагери

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: