Menu

Ак үйдүн апендилеринин жоруктары….

Бөлүшүү:

Илгертен бери бай- кедей болуп бөлүнүп, жашоо мыйзамы салттуу уланып келгени тарыхта белгилүү, ал доор — ​Көчмөндөр доору деп аталган. Азыркы биздин ошол кездеги салык менен азыркынын цивилдүү доордогу кыргыз турмушунун айрымасы барбы? Мансаптуулардын, бийлердин укум- тукумуна чейин уланып келген салттуу жапайы мыйзамын үстөмдүк кылганда дагы баш ийип жашоо кечирген элге, ошол доор кайтып келдиби? Жана азыркы бийлик капчыктуулардын мыйзамы үстөмдүк кылган мезгилди оң жолго сала алабы?

Аманбол Бабакулов, Жарандык активст:

— Азыр да салыкты крышасы жок карапайым эл төлөйт, а биздин чиновниктер салыкчыларды коркутуп- үркүтүп төлөбөс амалы менен жашап келет.

— Эң жакшы маселени коюптурсуз, салыкты азыр да крышасы жок карапайым эл төлөйт, а биздин чиновниктер салыкчыларды коркутуп-үркүтүп төлөсө 10 пайызын төлөшү мүмкүн анда дагы. Биздин карапайым элден 100 пайыз төлөтүп алышат. Болбосо, ишканасы болобу же ашканасы болобу төлөбөсө жаап салышат! Бизде жыл сайын салык аз чогулуп келет, себеби, эч ким бергиси келбей мамлекеттин эсебинен жеп жашап көнүп калышкан. Аларга эч ким унчуга да алышпай жатат. Алар кимдер? Баягы эле чоңдор же бизнесмендер, ак үй менен көк үйдүн адамдары, ошолордун илик-жааттары болуп келет. Бизде салык маселеси ушундай башаламандыкты жаратып жатса кайдан, мамлекетти сактап кала алмакпыз. Элге жөлөк пулдарды кантип көбөйтүп бере алабыз. Биз мыйзамды сыйлашыбыз керек.

Бакыт Аманбаев, экс- акыйкатчы:

— Мамлекеттик система бийлик өкүлдөрүн, өздөрүн оппозиция дегендерди жана криминалдын адамдарынын келишине жол берген система.

— Дүйнөлүк тажрыйбада өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү бириктирип эл үчүн кызмат кылууга өбөлгө түзгөн мамлекеттик система бар. Ошол эле мезгилде бардык саясий күчтөрдү бириктирип, анын ичинде оппозицияны кошуп эл үчүн эмес бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөөсүнө өбөлгө түзгөн система болуп жатат. Бизде 2010-жылдан баштап экинчи типтеги мамлекеттик системаны түзүп алышты. Ошондуктан азыркы бийлик эл үчүн эмес, өздөрү үчүн иштеп, элдин байлыгын жоопкерчиликсиз түрдө талап-тоноп жегенге өтүштү. Мамлекеттик система бийликке бийлик өкүлдөрүн, өздөрүн оппозиция дегендерди жана криминалдын адамдарынын келишине жол берген система. Чынында парламент элдин, улуттун күзгүсү болушу керек эле. Ал жерде байы, кедейи, жашы-карысы, аялы бардыгы бирдей калпта келип иштөө тартиби, укугу каралып ушундай биримдикте болушубуз шарт эле. Бирок, бизде капчыктуулар келип алып, элди багып чеке жылытса жакшы, андай болбой кайра элдин эсебинен байыганга өтүштү. Байыркы доордун бийлери элди карап ашы жокко аш берип, жыртык жерин бүтөп бөтөн элге сөз болбой элин багып келген. Азыркы доордун адамдары анык тескерине айланды.

Автандил Кадыркулов:

— Өзүлөрү “басып” келип мекенин коргогон жигиттерди “басмачы” аташып зынданга салып кордоо жолуна түштүк… Кыргыздын байы – Эл баккан!

— Илгээри, салыктын бир түрүн, “хандарга” жөнөтүшкөн элдин “башына” ченеп, бөлүшкөн. Кийин эле, орустар биздин бай жигиттерди “мокочо” кылып койушпадыбы… Өзүлөрү “басып” келип мекенин коргогон жигиттерди “басмачы” аташкандай минтип камап коркутуулар болуп жатканы өкүнүчтүү. Кыргыздын байы – Эл баккан! Эми азыр налогдун түрү чыкты: Жер налогу, мал налог, үй налог, киреше налог, жол налог, машина налогу ж. б. ушулардын канчасы жылдык чогулганын чоңдор өздөрү эле билет. Анткени өздөрү төлөөдөн качышат, элден сыгып алып жатпайбы.

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең төрагасы:

— Байлар менен кедей-кембагалдар ачык бөлүнүп, байлардын байып, жакырлардын жабыркап турган учуру.

— Илгертен бери тарыхта калган бай- кедей болуп бөлүнгөн, бийлер, бектер, бай-манаптар эл башкарып, бийлигин жүргүзүп келген. Азыркы биздин ошол кездеги салык менен азыркынын цивилдүү доордогу кыргыз турмушунун айрымасы барбы? Деген сурооңуздан улам кыргызымдын көрүнүктүү уулу, улуу обончу жана ырчы агабыз Асанкалый Керимбаевдин ата-теги эске келди. Учурунда Асанкалый агабыздын аталары болуштардан болуп элин багып келген, бий катары элине камын көрүп келген. Сиз айткан бийлер жана байлар өз учурунда элин жаттан коруп, ачта колдоп, эли-журту менен мал-жанын бөлүшүп келгенин тарых барактары тастыктап турганын кантип билбей, кантип унуткарып калалы. Ушундан улам айтарым, илгери кыргызды кыргыз кылып, уулду жигит, жигитти мырзалыкка көтөргөн так ошо бийлер жана байлар болгон. Ал эми, азыр “Азуусу барга бар заман, азуусузга тар заман” деген доор сүрүп турганы айдан ачык. Байлар менен кедей-кембагалдар ачык бөлүнүп, байлардын байып, жакырлардын жабыркап турган учуру. Айтор, Кыргызстанда бейрасмий маалыматтарга ылайык 60% өтө жакыр, 30% орто, ал эми, 10% өтө байлар түзөт экен. Демек, 60% жана 30% элдин эсебинен капчыктарын толтурган азыркынын бийлери жана байлары элин баккандын ордуна, ашын бирге талашып турганын кантип жашырабыз. “Атасынан баласы кыйын чыгат, өз элин жоодой талаган жыйын чыгат” деп, учурунда Калыгул олуя айткан экен. Так ошол көрүнүш мына бүгүн өмүр сүрүүдө. Салык жана алардын айырмачылыгы тууралуу сурап калыптырсыз, бир-эки сүйлөм менен түшүндүргөнгө аракет кылайын. Илгери салык элдин жашоо турмушу, шарты, жери, мезгилине жараша өзгөрүп, жаңыланып турчу жана түшкөн салыкка жараша элдин коопсуздугу, жеринин бүтүндүгү, элинин жыргалчылыгы каралчы. Бүгүнкү салык чиркейдей кан соргучка айланып, элдин канын калтырбастан ичип жаткан мезгили.

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын лидери:

— Ыймансыз мансапкор адамдар биримдиктүү болушат. Ошондуктан, бейкапар ак көңүл элди бөлүп жарып, тез алдашат. Себеби биримдиктери жок үчүн ар дайым эл жеңилип калышат.

— Карындашым, сиз айткан маселенин себеби бар. Анткени байлык — ​бийликке умтулган адамдар карапайым элге салыштырмалуу амалдуу жана оокат үчүн ыймансыз иштерге жеңил барышат. Өздөрүнө мүнөзү окшош адамдарды тез табышып, ыймансыз мансапкор адамдар биримдиктүү болушат. Ошондуктан, сабатсыз бейкапар ак көңүл элди бөлүп жарып, тез алдашат. Себеби ошол сиз айткан бечара кедейлер көп болсо, сабатсыздыктын жана биримдиктери жок үчүн ар дайым жеңилип калышат. Ал маселени чечүүнүн эң туура жолу, карапайым элдин аң-сезимин көтөрүү, турмуш багытына тартып демилге жана үмүт берүү. Бүгүнкү күнү, ошол байлар өлгөнчө карганып актанып уурдайт, бирок, салыкты төлөөдөн качып пара берип кутулат.

Турсунбек Акун, Экс- акыйкатчы:

— Азыркыдай ырайымсыздык жана баш аламандык эч качан болгон эмес.

— Бир айырмасы илгерки бийлик ачык эле элди эзип зулумдугун көргөзгөн. Азыркы бийлик болсо элди бал сөздөр менен КТРК аркылуу алдап өз үстөмдүгүн жүргүзүүдө. Илгерки доорду коёлу биз андан ашып түштүк. Ал кезде катуу эзүү болгон деп тарыхта айтылган менен ал убактын бийлеринде, бектеринде деле бар болгон адилеттүүлүк, ырайымдуулук кылышкан. Азыркыдай ырайымсыздык, башаламандык эч качан болгон эмес эле.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: