Тээ кышында ИИМ алдындагы ГУБОП башчылыгынан Мирлан Каниметовду жакшынакай иштеп жаткан жеринен кызматынан алышкан. Ушул күндөрү милициянын полковниги эс алып, өткөн-кеткен күндөрүнө сереп салып, бала-бакыра, үй-бүлөсүнө убактысын арнап жүрөт. Аныгында мындай профессионал кадрдын үйүндө отурганы мамлекеттин өзүнө утулуш гана болууда. Кылмышкерлерге кыргыйдай тийген полковниктин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөгү эрдиктери, жан аябай октон жалтанбай атышканга дейре барганы кезегинде бүтүндөй өлкөгө дүң болгон. Артындагы миңдеген милиционерлерге, жүздөгөн курсант жаштарга кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү таңгаларлыктай ыкмалары менен үлгү болчу мына ушундай чыныгы полковникти күрсүлдөп турган чагында күчүн алып калсак болбойт беле? Өздүк курам ичинде таасири, кадыр-баркы күчтүү кызматкерлерди буттан чалып отуруп, эмнеге жетебиз? Анан калса Каниметовдун кызматтан кетиши менен өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордогу «крысалардан» өйдө тымызын баш көтөрүшүп, күчтүү жетекчиден кутулушкандарына кудуңдап жаткандыгын эшиттик. Кылмышкерлердин дөө, бөө, чөөсүнө карабай ийинине киргизген Каниметовдой кадрлардын ишсиз отурганы азырынча кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү үчүн утуш гана болууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ