Азия-2017 оюндарын утурлай Түркмөнстанда полиция мурда соттолуп чыккандарды Олимпиада шаарчасынын жана портоколдук көчөлөрдүн жанында жүрбөөнү эскертти.
“Азаттыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, Ашхабадда түрмөгө отуруп чыккандар полицияга чакыртылууда. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын үйлөрүн кыдырып, эмне иш менен алектенип жатышканына көз салышууда.
Атын атагысы келбеген Ашхабаддын 52 жаштагы тургунунун айтымында, полициянын сурагынан кийин Олимпиада шаарчасынын жанына баруусуна тыюу салынган. Анын ишенимден кеткен адам экенин эгер олимпиадалык шаарчанын жанында кандайдыр бир кылмыш жасалса, биринчи суракка алышарын эскертишкен.
Эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө ылайык, Түркмөнстан түрмөгө отуруп чыккан адамдардын саны боюнча алдынкы орунда турат. Америкалык «Prison Policy Initiative» уюмунун 2016-жылдагы баяндамасына караганда, ар бир 100 миң кишиге 583 камалуучу туура келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ