Өзгөчө коңшу мамлекеттердин президенттери Кыргызстандагы күздө өтчү шайлоого өтө ынтызарлык менен карап турушат. Реалдуу талапкерлердин тизмегин анализге алышып. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Нурсултан Назарбаевдин көз карашы экс-премьер-министр Темир Сариевге түз экени, шайлоо жакындаганда колдоого аларын эшиттик. Эмне үчүн? Темикенин оор басырыктуу мүнөзү, орду менен сүйлөгөнү, анан дагы мамлекетчил саясатчы катары туруктуулугу, эл аралык мамилелерди мыкты өздөштүргөнү, сергектиги купулга толуптур. Эсиңерде болсо, биздеги март, апрел революциялары, андан кийинки өлкөдөгү коогалаңдар, митинг, пикеттер коңшу өлкөлөрдү козутууга жем таштаганы факт. Мындан улам алар да Кыргызстанда стабилдүулүк болушун каалашат. Анүчүн башка президенттерге тийишип сүйлөбөгөн, салкын кандуу эл башчынын кыргыздарга келиши маанилүү. Башкаларга салыштырмалуу бу жагынан Сариевдин салмагы артып турганы, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн ырааттуу баскан жолу далил боло алары шексиз. Бир эсе Нурсултан Абишович да кыраакы инсан эмеспи, эки элдин ынтымагы үчүн Темикени татыктуу түрдө колдоп чыкса, башка өлкөлөрдүн дагы лидерлери бурулат, анан кыргыз эли кайдыгер карамак беле? Татыктууну тандайт да, туурабы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ