Menu

Тажикстандын коомдук жайларында «радиотүйүндөр» орнотулууда

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги өлкөнүн бардык райондорундагы дүкөндөрдүн, май куюуу жайларынын, мечиттердин жана башка коомдук жайлардын алдына «радиотүйүндөрдү» орнотууга киришти. Бул иштер Тажикстан президентинин аткаруу аппаратынын көрсөтмөсү менен ишке ашырылууда.

Маалыматтар боюнча «радиотүйүндөр» аркылуу Тажикстан радиосу менен «Ховар» радиосунун уктуруулары берилет. Тажикстанда 15тен ашык радиостанция иштесе, алардын көбү борбордо жана анын айланасындагы райондордо гана жеткиликтүү.

Варзоб, Пянж жана Сангвор райондорунун кээ бир айылдарынын жашоочулары коомдук жайлардын көбүнө «радиотүйүндөр» орнотулганын билдиришти.

Бийлик электр энергиясынын жетишсиз экенин эске алып дүкөндөр менен күркөлөрдүн ээлерине үзгүлтүксүз батарея менен жарык берген жабдууларды орнотууну тапшырды.

Советтер Союзу маалында Тажикстандын бардык аймактарындагы коомдук жайларда «радиотүйүндөр» иштеп, күнү-түнү Тажикстан радиосунун уктуруулары берилип турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: