Түндүк Корея орто жана алыс аралыкка учуучу ракетанын жаңы түрүн ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн билдирип, ал АКШга чейин жете турганын эскертти.
Түндүк Кореянын KCNA расмий маалымат агенттиги сыноо ракетанын ири өзөктүк сокку урууга дардыгын текшерүүгө багытталганын жазды. Билдирүүгө ылайык, ракетанын учурулушун Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жеке өзү көзөмөлдөп, Пхеньяндын аскердик дараметтерин эске албай коюу мүмкүн эмес экенин билдирген.
Пхеньяндын 14-майдагы сыноосу эл аралык резонанс жаратты. ЕБ менен НАТО ракетанын учурулушун «эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч» деп атаса, Орусия менен АКШ Корея жарым аралындагы абалдын чыңалуусуна тынчсызданууларын билдиришти.
KCNA агенттигинин маалыматына караганда, ракета 787 чакырымдан алыс аралыкка учуп, 2112 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Буга чейин мындай маалыматты Түштүк Корея менен Жапониянын расмий адамдары билдиришкен. Ракета Корея жарым аралы, Жапония жана Орусиянын Ыраакы Чыгышынын ортосуна түшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ